Домой Коом Артем Новиков: Тыштан келген карыз акчанын көбүн пенсияга жана айлыкка кетип жатат

Артем Новиков: Тыштан келген карыз акчанын көбүн пенсияга жана айлыкка кетип жатат

74

Кыргыз өкмөтү бюджетте акча тартыш болгондуктан пенсия, айлык жана башка социалдык төлөмдөрдү азыр сырттан келген карыз акчадан төлөп берип жатканын  25-ноябрда Жогорку Кеңеште бюджет маселеси талкууланып жаткан учурда  биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.

КСДП фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаевдин суроосуна жооп берип жатып Новиков тышкы жардам катары быйыл Кыргызстанга жалпысынан 343 миллион доллар келгенин, сомго которгондо бул дээрлик 25 миллиард сомдой акча экенин айтты жана анын 17 миллиардга жакыны пенсия, айлык акы, жөлөкпул сыяктуу төлөмдөргө кеткенин билдирди.

Новиков быйыл май айында салык боюнча киреше көрсөткүчү 31 миллиард сомго кыскартылганын белгилеп, тыштан келген акчадан айлык акыга сегиз миллиард, пенсияга 5,4, жөлөкпулга эки, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына трансфертке 3,9, экономиканы колдоого 2,6 жана коронавируска каршы күрөшкө 3,1 миллиард сом бөлүнгөнүн айтты.