Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Аликбек Жекшенкулов кызматтан алынганы 14-октябрда белгилүү болгон. Жекшенкулов бул тууралуу бүгүн “Биринчи радиого” маек берди.
“Президенттин буйругу менен Россияда элчилик кызматта 1 жыл 9 ай иштедим. Андыктан Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык гана билдирем. Негизи элчиге нааразычылык болсо биринчи чакыртып алып анан териштирет. Ошондо гана баары белгилүү болот. Абал балким биз ойлобогондой болуп калгандыр. Не болсо да ал кишиге нааразы эмесмин, рахматтан башканы айтпайм. Өлкөнү башкарды, ишеним көрcөттү ошонусуна рахмат. Калганына тарых тараза“,- дейт маегинде Жекшенкулов.
булак: eldik.media