Домой Коом Президет бүгүн Чүй облусун кыдырат

Президет бүгүн Чүй облусун кыдырат

10

 

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Чүй облусун кыдырат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент иш сапарынын алкагында Москва жана Жайыл райондорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу, сот органдарын жана медицина мекемелерин санариптештирүүнүн жүрүшүнөн кабар алат. Андан сырткары айыл чарба, кайра иштетүү ишканаларынын жумушу жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлордун канчалык деңгээлде аткарылып жатканын көрөт – дейт маалыматта.