Домой Коом Гүлмира Ажыбаева: “Элеттиктерге суу, бала бакча, оорукана куруп берсе эле күжүрмөн эмгек...

Гүлмира Ажыбаева: “Элеттиктерге суу, бала бакча, оорукана куруп берсе эле күжүрмөн эмгек менен жашоосун жакшыртып алышат”

99

“Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Панфилов районунда Фельдшердик акушердик пункт, спортзал, 2 канал, 4 бала бакча жана үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттары курулду. КР министрлер кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланган “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу тарабынан ишке ашырылып келүүдө. Айылдардагы жакырчылыкты жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу долбоордун Панфилов району боюнча куратору Ажибаева Гүлмира менен маектештик.

-Гүлмира айым, Панфилов районунун өнүгүүсү үчүн акыркы жылдарда кандай иштер аткарылганы тууралуу айтып берсеңиз?

— Мен Панфилов районун Кайыңды шаарында 1984 жылдан бери жашайм. Райондо 6 айыл өкмөт, 20 дан ашык айыл бар. Биздин район “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долборуна 2016-жылы пилоттук болуп тандалган. Райондо көп социалдык-экономикалык көйгөйлөр бар эле, чек арага жакын район болгондуктан инвестиция келчү эмес, айыл өкмөттөрдүн көбү дотацияда болгондуктан,  социалдык обьекттерди курууга мүмкүнчүлүктөрү жетпейт эле. Эми көптөгөн көйгөйлөрүбүз чечилди.

— Райондун муктаждыктарын кантип аныктадыңыздар?

— Долбоор иштеп баштаганда эле социалдык мобилизация ишин алып бардым. Бул айылдарда чогулуштарды өткөрүп, тегерек үстөлдөрдү уюштуруп жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн, муктаждыктарын угуп чыктык. Анан ар бир айыл өкмөтү 5тен чакан долбоорлорун сунушташты. 35 чакан долбоордун ичинен 10 долбоор сынактан өттү. Ошентип Чалдовар айылына спортзал жана ГСВ №3 имараты курулду, Курама айыл өкмөтүндө Сай каналы оңдолду, ал эми Партсъезд айылына 100 орундук бала бакча курулду, Орто айыл өкмөтүндөгү Кум-Арык айылына 50 орундук бала бакча курулду, Букара айылына ФАП, Ровный айылына 50 орундук бала бакча курулду, Первомай айылына 50 орундук бала бакча курулду, ошондой эле Ойронду айлында каналдын Люцерна лоток системасы капиталдык ремонттон өттү, Кайыңды шаарында ГСВ №1 курулду.

— Жаңы курулган обьектилер элдин жашоосун канчалык денгээлде жеңилдете алды, мисал келтирип берсеңиз?

—     Айылдардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттары авариялык абалда эле, дарыгерлер өтө начар шартта иштеп келишкен. Панфилов аймактык оорукана алыс болгондуктан айылда жок тейлөөнү алуу үчүн бейтаптар алыс жол жүрүүгө мажбур эле. Эми көптөгөн медициналык процедураларды айылдан эле алып калышты. Күндүзгү стационар иштеп баштагандан бери ата-энелер кичинекей балдарын өз убагында эмдөөдөн өткөрүп калышты.

Ал эми Сай каналынын эскилиги жеткендиктен сугат суунун дыйкандарга жеткичекти 80 пайызы жок болуп кетчү. Көптөгөн дыйкандар кант кызылчасын, буудай, беде эгишет, анан сугат суу жагынан көйгөйлөр бар эле. Май айынан баштап июнь айына чейин дыйкандар талааларын сугара албай убара болчу. Жогору жактан 2 куб бөлүнөт, талааларга жеткичекти 700-800 литр эле калчу. Үч-төрт адам бөлүшүп алып жумалап сугарышчу. Эми азыр Сай каналы толугу менен бетондолуп андай көйгөй жок. Айылдыктардын ушундай көйгөйлөрү чечилип, ооруканалар курулуп, каналдар оңдолуп жатканы айылдарды өнүктүрүү иштери аткарылды. Негизи элеттиктерге суу, бала бакча, оорукана куруп берсе эле күжүрмөн эмгек менен жашоосун жакшыртып алышат.

Касымалиева Төлөбүбү