Биздин гезиттин редакциясына Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Исраилов Мирландын былык иштери тууралуу жазылган айыл тургандарынын каты келди. Исраилов Мирлан өзүнүн сабатсыздыгынанбы же иш билбегендигиненби, айтор жан кейиткен иштерге жол берип турганы айыл тургундарын абдан кыжаалат кылып турат. Ал акыркы 4 жылдан бери айыл өкмөт болуп иштеп, бир топ алешемдиктерге жол берген. Эми эӊ сонун иштеген иштерман, чыгаан айыл өкмөтүнөн бетер кайрадан экинчи мөөнөткө шайланууга шымаланып турат. Айыл өкмөттү кайра шайлоо ушул айдын 28де болмокчу. Мындай ишке жөндөмсүз адамдын былыгын жалпы коомчулукка жана эӊ башкысы Башкы прокурор Индира Жолдубаева, Ички иштер министри Улан Исраилов, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Дүйшөнбек Чоткараев, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ана башчысы Замир Осмоновдор ушул макалада жазылган фактыларга көз салып, өз тартиби менен иликтеп коюшса жакшы болот эле. Эмесе, төмөндө “акылдуу” айыл өкмөттүн баш аламан иштерине бирге көз чаптыралы.
Исраилов Мирлан 2014-жылы ОСОО “Бренд Мастер” ишканасына келишим менен 89(сексен тогуз миң сом) которгон, бир эле жолу которо турчу акча каражатты экинчи жолу которгон. 2015-жылы 150(Бир жуз эл миӊ) сом дагы акча каражат которгон,ал акча каражаттардын отчёттору дайынсыз. Таштанды полигону үчүн 2015-жылы 4-мартта айылдык кеӊештин сессиясында каралып которула турган акча каражаты да бүдөмүк. Бул каржы бузуу иши катары ачыкка чыккан. Ал келишимде өз колу эмес, жасалма экени билинип турат. Исраилов Мирлан 2015-жылы “Стим гранттын” эсебинен толук ремонту бүткөрүлгөн “Алтын Балалык” бала-бакчасына белгисиз себептер менен 200 миң сом которгон. “Сейил” паркынын дарбазасы үчүн которгон акча каражаттын документтеринде колдор жасалма болгондуктан райондук казынадан поручение өтпөй 3-жолу гана өткөн. Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагында «чупокабра» деген белгсиз жыртыкыч жаныбар чыкканда, аны атууга деп ӨКМ боюнча башкы адис Бейшенкулов Султангелди райондун аймагында эч бир чупокабра болбосо деле кассадан чоң суммадагы акча каражатты алган. Исраилов Мирлан 2014-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсебинен Кытай Эл Республикасына барса дагы Кочкор айыл өкмөтүнөн одоно финансылык мыйзам бузууларга жол берип айлык маянасын толук алгандан тышкары командировака үчүн кошумча акча каражат алган. Кытай Эл Республикасынан келип кайрадан эмгек маянасын толук алган. Бул маселе да иликтөөн= талап кылат.
Өзү да, орун басары да соо эмес
Жумакадыр уулу Эркинбек өтө айлакер адам экен. Бул адам айыл 1990-1999-жылдары Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, 1994-2009-жылдары Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. Азыр Исраиловдун орун басары. Жумакадыр уулу Эркинбек 2010-жылдан тарта 2014-жылга чейин «Республика» партиясынын лидери, 2015-жылы лидерликти уулу Эркинбек уулу Мадаминбекке жаздырып өткөрүп берген, бирок уулу бир күн дагы ал жерге барып иштеген эмес, уулунун ордуна Жумакадыр уулу Эркинбек өзү гана иштеп келүүдө. Мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү мезгили айлакер Жумакадыр уулу Эркинбектин иштеген учуруна туш келип, өзгөчө майлатуу жолдору менен менчикке кетиши бүгүнкү күндө ого бетер дүйнөгө сугун арттырып кузгунга айлантты Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жумакадыр уулу Эркинбек көчө чырактарды койдурууга жардам деп Рыскуловго берилген жана башка 2015-2016-жылдары жардам үчүн жабылган отчёттор туура эмес берилип жабылган. Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраилов конкурсту шашылыш өткөрүп, тактап айтканда КР 28-июль 2006-жылдагы №327 -указынын конкурстук жобосунун З-бөлүгүнүн 17-пунктунун 4-подпунктун бузуп турса дагы Жумакадыр уулу Эркинбекти айыл өкмөтүнүн орун басарына кызматка алган. Андан кийин дагы мыйзамды бузуп дагы эле Жумакадыр уулу Эркинбектин аялы Абдыканова Эльмира бүгүнкү күнгө чейин жооптуу катчынын иш кагаздарын толугу менен жүргүздүрүп келди, прокуратурадан ээлеген кызматынан кетсин деген протест кат келсе деле иштеп келүүдө.
Мурда Жумакадыр уулу Эркинбек өзу айыл өкмөт башчысы болуп турган учурда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып КЖКнын 304ст. 2-6 жана 305ст. 1-6 айыбы угузулган. Ошондой болсо да суудан кургак чыгып кетчү айлакер Жумакадыр уулу Эркинбектен турак-жай салууга кезекте турган адамдардан өз пайдасына акча табуу максатында Тендик айылынын башындагы беш кишиге үлүшкө берилген 12,6 гектар жердин ээлерин алдап, бул жерге кыштак түшмөй болду деп өзү билемдик менен Үрөн чарбасына тиешелүү ФПСтин жерине мажбурлоо жолу менен көчүрүп туруп айдоо жерлерге турак-жай салууга уруксат бербөө жөнүндөгү мароторийдин жарыяланганын билип туруп Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Тендик айылынын 120га жакын тургунунан 2008-жылы турак-жай салууга жер участка берем деп 5000(беш)миң сомдон эч кандай квитанция бербестен эле кыргызча акча чогултуп алган. Бериилген акчаны кайтару талабы менен кайрылган тургундар финполиция кызматкерлерине, райондук прокуратура кайрылып, тыӊгылыктуу жооп ала албай кайтышкан.
Жумакадыр уулу Эркинбек(Чоң атасынын аты Усубакун) Кочкор айыл өкмөтүндө башчы болуп иштеп турганда бир туугандары Ысык-Көлдө жашап турган Жумакадырова Жумакүлгө, карындаштары Усубакунова Азимкул Жумакадыровнага, Усубакунова Чынара Жумакадыровнага,иниси Усубакунова Эмилбек Жумакадыровичке, жээндери Ысык-Көлдөгү Кулжыгачов Мисалимге, Эркинбек уулу Нурланга жер берген. Жумакадыр уулу Эркинбек мындан тышкары мурунку жооптуу катчы, азыркы жооптуу катчы Сатарова Сүйүндүн кайын энеси Жеткилеңова Жаңылга дагы элдин пайдалануусундагы парктан турак-жай салууга жер берген, бүгүнкү күндө пайдалануусунда. Кошумчалай турган болсок айыл өкмөттүн тракторун прицеби менен кошуп арзыбаган акчага берген.
Эркинбек мырза, Кочкор айыл өкмөтүндө башчы болуп иштеп турганда “Чолпон” кинотеатрынын гаражын жана райондук маданият үйүнүн отканасын дагы менчикке сатып жиберген. Бул маселе боюнча Кочкор райондук прокуратурасынын тергөөчүсү Талант Акматбаевге арыз менен кайрылгандарды эч териштирүүсүз, жоопсуз калтырган.
Эми кайрадан ою жаман орун басардын “шефи” Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Исраилов Мирланга келели, ал кат-сабаты өтө начар, бир барак кат жазса 30-40 ката кетирген абдан сабатсыз өкмөт (бир барак катасы мол жазылган барак тиркелет)башчы. Мисалы, ал кадимки май (айдын аталышы) дегенди майь деп жазат экен. Сабатсыздыгынын айынан бүгүнкү күнгө чейин мамлекетке нечен миңдеген акча каражатка зыян келтирип соц.кызматкер Кулманбетова Гулбайранын эмгек китепчесинде 10(он) жыл 1989-жылдан 1999-жылга чейин Кочкор айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеген деп жазылганын билип, көрүп туруп эле муниципалдык стажысына кошуп 17(он жети жылга ) төлөп берип келүүдө. Болгону Г. Кулманбетова ошол учурда убактылуу 31.01.1989-жылдын 31-январынан тарта ушул эле жылдын 1-июлуна чейин айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын милдетин аткарган. Калган 1999-жылга чейин секретарь-машинистка болуп болуп иштеп келген,бул кызмат муниципалдык кызматтын реестрине кирбейт. Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Исраилов Мирлан эч кандай аукцион өткөрбөстөн эле 136/2м2 жерди менчикке берген. М.Исраилов «Сейил» паркынын бир кире беришине 2015-жылы 137миң сомго темир профилден дарбаза жасаткан, бул дарбазага ашып кетсе 60 миң сом жумшалат. Дагы айтсак, «Кулаган –Ак-Таш» участкасынан таштанды түрттүрдүк деп 40 миң сом өзү пайдаланып алган. Бул факт боюнча прокуратурага кайрылгандар баягы эле тергөөчү Талант Акматбаев арызды жаап койгон.
Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Исраилов Мирлан башынан эле «Республика» партиясынын мүчөсү экенин да айта кетели.
Президентибиздин коррупцияга каршы чындап элибизге көрсөтүп жаткан аракетиңиздер чын болсо облустук, райондук прокуратураларга кат жолдобой текшере турган комиссияларды түздөн-түз жөнөтүүңүздөрдү чын- дилибизден өтүнүп сурайбыз .
Сизди терең урматтоо менен Кочкор элинин атынан:
Арыз ээлери: Кочкор айылынын тургундары