Улан Кубатов деген 34 жаштагы жигит аялынын өлүмүнө себепкер болгон врачтарды жоопко тарттыра албай келет. Окуя мындай уланат: Уландын келинчеги 30 жаштагы Миргүл Турдалиеванын боюнда болот. Ошондо булар шаардагы №2-ооруканага кайрылышат. Ал жерден «силер №4 -ооруканага карайсыңар» деп кайра жөнөтөт. Ал эми №4 — оорукана эл арасында «начар»деген баасы бар болгондуктан, жубайлар №2-оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Рыскүл Асакеевага кайрылып аны көндүрүшөт. Акысына врачтын үйүнүн эшигин пластикадан жасатып беришет… Сөздүн кыскасы Асакееванын жана Александр Романенко деген врачтардын күнөөсү менен Миргүл Турдалиева дүйнөдөн кайтат. Андан бери эки жыл убакыт өтсө да күнөөлүү врачтардын бири да жоопко тартылган эмес. Бул ишти Ленин райондук милициясы таза иликтебей келет экен. Дагы бир кызыгы, ошол №4-төрөткананын жетекчилиги аялы өлүп, өтө кайгыга батып турган жигитке: “Балаңды караганга деле киши керек, биздин медайымдар карашып турсун, бара-бара тил табышып калса, үйлөнүп аласыңар” — деген кыязда сунуш айтып, оозун Ошту каратып, күйбөгөн жерин күл кылыптыр. Кишинин өмүрүн оюнчук кылган немелер, аялыңды өлтүрүп алдык, кайра анын ордун башка аял менен төлөп берели дегендей эле сунуш айтышыптыр. Жоругуңар жолдо калгырлар десе…