Домой Спорт Айсулуу Тыныбекованын биринчи атаандашы белгилүү болду

Айсулуу Тыныбекованын биринчи атаандашы белгилүү болду

176

Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекованын биринчи атаандашы аныкталды. 3-октябрда Ослодо эркин күрөш боюнча кыз-келиндер турниринин катышуучулары чүчү кулак кармаган.

Кыргызстандын курама командасынан башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында 3 спортчу жөнөп кеткен.

62 кг боюнча учурдагы чемпион Тыныбекова 1/8 финалдык баскычтан баштайт. Анын биринчи атаандашы жапондук Нонока Озаки болмокчу. Кыргызстандык балбан бүгүн, 4-октябрда килем үстүнө чыгат.

Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызынын атаандаштары да аныкталды.

62 кг чейин

1/8 финал

Айсулуу Тыныбекова — Нонока Озаки (Япония)

68 кг чейин

1/8 финал

Мээрим Жуманазарова — Минджи Ха (Корея)

76 кг чейин

1/8 финал

Айпери Медет кызы — Мария Оряшкова (Болгария)