Домой Спорт Норвегияда күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Норвегияда күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды

150

Бүгүн Норвегиянын Осло шаарында күрөштүн түрлөрү боюнча боюнча Дүйнө чемпионаты башталып, ага Кыргызстандан жалпы 15 балбан катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Өлкөнүн Күрөш федерациясынын маалыматына ылайык, кыргыз балбандарынын арасынан биринчи болуп Улукбек Жолдошбеков килемге чыгат. Ал 61 килограмм салмак категориясы боюнча монголиялык Тухинтулга Туменбилег менен күрөшөт.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

Ал эми эртең Алибек Осмонов (65 килограмм) франциялык, Арсалан Будажапов (79 килограмм) россиялык балбан менен өз күчүн сынайт.

4-октябрда Токио Олимпиадасынын катышуучусу Эрназар Акматалиев (70 килограмм) Шри-Ланкадан келген балбан менен күрөшөт..

Команда төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:

Эркин күрөш:

— Улукбек Жолдошбеков — 61 кг;

— Алибек Осмонов — 65 кг;

— Эрназар Акматалиев — 70 кг;

— Арсалан Будажапов — 79 кг;

— Русланбек Мажинов — башкы машыктыруучу;

— Таабалды уулу Сүймөнкул — улук машыктыруучу;

— Исламбек Тазабеков —- улук машыктыруучу.

Кыз-келиндер күрөшү:

— Айсулуу Тыныбекова — 62 кг;

— Мээрим Жуманазарова — 68 кг;

— Айпери Медет кызы — 76 кг;

— Нурбек Изабеков — башкы машыктыруучу;

— Байгазы Кенжебаев — улук машыктыруучу;

— Чынарбек Изабеков — машыктыруучу.

Грек-рим күрөшү:

— Сардарбек Конушбаев — 55 кг;

— Жоламан Шаршенбеков — 60 кг;

— Калы Сулайманов — 63 кг;

— Марлен Асикеев — 67 кг;

— Руслан Царёв — 72 кг;

— Кайратбек Түгөлбаев — 77 кг;

— Калидин Асыкеев — 82 кг;

— Бексултан Махмудов — 97 кг;

— Азат Эркимбаев — башкы машыктыруучу;

— Улукбек Карачолоков — улук машыктыруучу;

— Арсен Эралиев — улук машыктыруучу..