Домой Дүйнөдө Дүйнө рейтинги. Кыргызстан күрөштүн түрлөрү боюнча бешинчи орунга жайгашты

Дүйнө рейтинги. Кыргызстан күрөштүн түрлөрү боюнча бешинчи орунга жайгашты

190
WW 62kg Podium: Gold: Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ)

Кыргызстандын курама командасы спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионатында алган медалдардын саны боюнча жарышта 5-орунга чыкты. Бул тууралуу мелдештин Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтында айтылат.

Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Бүгүн мелдештин бешинчи күнү. Кыз-келиндер күрөшүндө 57, 59, 68 жана 72 килограмм салмактагы спортчулардын финалдык таймаштары калды. Ал эми 5-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши жыйынтыкталган. Бүгүн, 7-октябрда, грек-рим күрөшүнүн балбандары килемге чыгат.

Мелдештин бешинчи күнүндөгү көрсөткүчкө карата Кыргызстандын курама командасы күрөш жаатындагы дөө-шаа өлкөлөрдөн кийин эле бешинчи орунга чыкты. АКШ биринчи орунда, Россия экинчиде, Иран үчүнчү сапта келе жатат. Ал эми Япония төртүнчү катарга жайгашты.

Азыркы тапта өлкө куржунунда бир алтын, бир күмүш жана эки коло байге бар. Буга чейин эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов (65 килограмм) биринчи болуп Кыргызстандын капчыгына коло медаль алып келген. Анын артынан Эрназар Акматалиев (70 килограмм) күмүш, ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм) алтын, Айпери Медет кызы (76 килограмм) коло медаль тагынышкан.

Бүгүн Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн япониялык Рин Мьядзи менен кармашат.

Дүйнө биринчилиги 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-7-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.

sputnik.kg