Домой Аналитика Фейсбук Садыр Жапаровдун уу коргошун жөнүндө жазган билдирүүсүн өчүрдү

Фейсбук Садыр Жапаровдун уу коргошун жөнүндө жазган билдирүүсүн өчүрдү

124

Президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы жана Инстаграмдагы расмий баракчаларынан уу коргошун жөнүндө жазган билдирүүлөрү өчүрүлдү.

Белгилей кетсек, 15-апрелде мамлекет башчы коронавирус менен ооругандарды уу коргошун менен дарылоону сунуш кылган билдирүү жарыялаган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери “Фейсбук” социалдык түйүнү компаниянын эрежелерин бузганы үчүн COVID-19га жана вакцинага байланыштуу 12 миллиондой маалыматты өз платформасынан өчүргөн.