25-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тергөө камагына алынган Алмазбек Атамбаевге барып жолукту.
Маалыматка ылайык, атайын кызматтын башчысы УКМКнын СИЗОсуна барып Атамбаевди кармоо шарттары менен таанышып жана ден-соолугунан кабар алды. Өз кезегинде, Алмазбек Атамбаев тергөө абагынын кызматкерлеринин камакта кармоо шарттары жана аракеттери боюнча ден-соолугунун абалынан башка эч кандай дооматы жок экендигин белгиледи.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тиешелүү кызматтарга А.Атамбаевдин ден-соолугунун абалын дыкат текшерип чыгууну тапшырды, анын жыйынтыгында аны медициналык мекемеге жаткыруу боюнча чечим кабыл алынат.









