Домой Коом Бишкекте айдоочулар жетишсиздигинен улам, 80дей автобус каттап жатат

Бишкекте айдоочулар жетишсиздигинен улам, 80дей автобус каттап жатат

87

Азыркы учурда бишкекте 80-90дун тегерегинде гана автобус каттап жатат. Бул тууралуу калаанын мэри Айбек Джунушалиев басма сөз жыйынында маалымдады.

Мэрдин айтымында, “ЭКО жүргүнчү ташуулар” компаниясы менен кол коюлган меморандумдун негизинде 210 автобус алынып келинген.

“Бул айдоочулардын жетишсиздигинен болуп жатат. Азыр айдоочуларды окутуу ишке ашырылууда”, -деп айтты мэр.

Бишкек шаардык кеңешинин 28-сентябрдагы токтому менен борбор калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттаган. Ага ылайык, троллейбуста жана автобуста жүрүү акысы — 11 сом, ал эми маршруттук кичи автобустарда жүрүү акысы — 15 сом болот. Жол кире 1-ноябрдан тартып кымбаттайт.

Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилеп келет. Ушул тапта Бишкек шаарында 75 автобус, 120 троллейбус каттамга чыгат. Муниципалдык транспорттон тышкары «Шыдыр жол» ишканасынын 14 автобусу жүргүнчү ташыйт. “Эко Эл ташуу” компаниясы 210 автобус алып келип, 11-сентябрдан тарта каттамга чыгарга баштаган.