Домой Коом Балбак Түлөбаев Бишкек шаарындагы мектептерди ачуудан коркуп жаткандыгын билдирди

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарындагы мектептерди ачуудан коркуп жаткандыгын билдирди

128

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев борбор калаадагы мектептерди ачуудан коркуп жаткандыгын мойнуна алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-декабрда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мектептерди ачууга санитардык-эпидемиологиялык кызматтар дагы сунуш бербейт.

“Бир класста 50 окуучуга чейин болушу мүмкүн. Жалпысынан баш калаанын мектептеринде 70 миң окуучу окуш керек, бирок иш жүзүндө 170 миң окуучу окуйт. Мен мектептерди ачууга кантип уруксат бере алам? Эгер алар ооруп калсачы? Балдар ооруканаларында орун жок. Бардыгы 40 орун бар” – деп билдирди мэрдин м.а.

Балбак Түлөбаев мэрия буга чейин билим берүү мекемелери ачылып жаткан аймактардагы кырдаалга көз салып, байкап жатканын белгиледи.

«Эгер кырдаал кадимкидей өнүгүп кетсе, балким Жаңы жылдан кийин ачып беребиз. Бирок дагы деле болсо дарыгерлер менен кеңешишибиз керек », – деп кошумчалады ал.