Токтобүбү айым, эмне үчүн ишкерликти сизге тааныш эмес транспорт багытында жүргүзүп калдыңыз. Мунун да өзүнчө себеби болсо керек?
Негизи Кыргызстанга келгенде медицина багытында ишкерлик кылып, өз кесибим менен эмгектенүүнү ниет кылгам. Чоң оорукана ачалы десек, каражаттан мурун ар кандай тоскоолдуктар байкалды. Айтор,бул багытта иш жүргүзүү биз үчүн чынында кыйын болду. Ал ортодо Бишкекте коомдук транспорт, тагыраак айтканда автобус көйгөйү абдан курч экенин байкап, ошол багытта иш алып барууга бел байлап калдык.
Бишкекке келгенде өзүңүздөр да коомдук транспорттун “кызылдай бир кызыгын ” көрүп, анан ошол көрүнүш таасир бергендир…
Туура айтасыз. Таасир бере турган окуя болгон. 2015- жылы болсо керек. Жолдошум экөөбүз Кытайда жашап жүрүп, Бишкекке келип калдык. Кыш мезгили аяктап калган учур. Манас көчөсүнөн маршуртка олтурдук. Эл көп, калың кийимдери менен да тыгылышып батышпайт, биринин үстүнө бири минип алган, кичинекей балдар чырылдап ыйлап жатышты. Мага аба да жетпей калды. Жүрөгүм айланып, чыдабай кеткенде бир аялдама аралагына чейин жүргөндөн кийин эле түшүп кеттик. Кичине эс алалы деп дароо чай ичикенге бир жерге киргенибизде жолдошума: “Чоң автобуска түшөлү десе, “бусикке” түшүрүп кыйнадың го”- десем, ал мага: “бул жакта андай чоң автобус дээрлик жок, баары эле ушундай “бусиктер” десе мен абдан таң калдым. Ошондо биринчи жолу Кытайдан Кыргызстанга чоң, экологияны бузбай турган автобустарды алып келүүнү максат кылганбыз.
Ооба. Сиздерге болгон ар кандай бут тосуулар ошол учурдан тартып жалпыга маалымдоо каражаттарына байма-бай чыгып турду. Көпчүлүк эл жакшы билет…
2017-жылы май айында биз алгач 12 автобус алып келдик. Бишкектеги №35 каттамды (линия) ошол жылы ачканбыз. Андан бери жалпысынан 54 автобус алып келдик. Олтурган орудуктардан тышкары, адамдар тура турган оурндуктарды эсептегенде жалпысынан 79 орунду болуп эсептелет. Мэрия 2019-жылы №48 каттамды берген. Бирок көп өтпөй өздөрү кайра алып коюшуп, бизге №5, №15 деген маршурттарды беришкени менен ал каттам боюнча көрсөтүлгөн көчөлөр тардык кылып, чоң автобустардын айланышы кыйын болуп калат экен. Бул биринчиден. Экинчиден, ал каттамда мэриянын өздөрүнүн коомдук транспорттору да көп экен. Ошолордун баарын билип туруп, биздин автобустарды да кошуп салышкан. Биз ал №5 каттамдын автобустарды өздөрүн актабагандыктан токтотуп койгонбуз. Ошол бойдон турат. Мэрия жакында №18 каттамда иштөөгө сунуштап жатышат. Жакында ошол багытта жүргүзөбүз.
Сиздер алып келген автобустар Кара-Балта-Бишкек каттамына да жүрүп жатабы?
Ошондой макулдашуу болгон. Бирок ортодо Транспорт министрлигинде иштеген бир топ жетекчилер коррупциялык иштерге шектелип, камалып кетпедиби. Ошону менен биздин макулдашуу ишке ашпай эле, автобустарбыз келген боюнча каттамга чыкпай турат. Биз ал автобустарды Кытайдан негизинен келишим менен насыяга алып келип жатыбыз да. Насыядан да өз убагында кутулушубуз керек. Бул жагы чынында бизге кыйын болуп турат. 2019-жылдан 2020-жылдын октябрь айына чейин биздин компанияга абдан эле көп тосколдуктар болду. Биздин автобустар жүрбөй токтоп калса экен деп тилек кылып, бут тосуп, бизди кайра жамандагандарды да уктук, көрдүк. Кудайга шүгүр, Кудайдын көзү түз экен, жаңы бийлик келгенден бери андай бут тосуулар токтоп, биздин эмгек бааланып, бизге акырындан шарт түзүлө баштады. Биз канча кыйынчылык, канча тосколдуктарды баштан кечирип жатсак да, кыргыз элибиз үчүн чыдадык.
«АЛЬЯНС» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К Арзымбаеванын буйрутмасы менен «АЛЬЯНС» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (Күб. №8 1.09.2021-ж.). 05.11.2021.