Бүгүн, 24-июнь күнү Бишкек шаардык сотунда президенттин аппаратынын экс-башчысы Данияр Нарымбаевдин жактоочусунун даттануу арызы каралды. Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын жактоочусунун даттануу арызы канааттандырылган жок, тагыраагы буга чейин Биринчи Май райондук сотунун токтому күчүндө калды. Натыйжада Нарымбаев УКМКнын СИЗОсунда 31-июлга чейин камакта калтырылды.
Белгилей кетсек, Нарымбаев «Кумтөр» иши боюнча кармалган.