Домой Экономика 2020-жыл Кыргызстандын бюджети үчүн эң оор учур болот…

2020-жыл Кыргызстандын бюджети үчүн эң оор учур болот…

356

2020-жыл Кыргызстандын бюджети үчүн эң оор учур болот. Анткени бул он жылдыкка мамлекеттик карыздарды төлөөнүн туу чокусу туура келет.

2020-жылдын жети айында республикалык бюджеттин чыгымдары 74,6 млрд. сомду түздү, анын 18 млрд. сому мамлекеттик карыздарды жабууга кетти. Башкача айтканда, өкмөт болгон акчанын 24,2% карыздарды жабууга сарптады.

Жыл башынан билим берүүгө канча акча сарпталса, карыздарды төлөөгө дээрлик ошончо каражат кетти, ал эми саламаттык сактоо тармагына жумшалчу каражаттан 12 эсе көп сарпталды.

“Спутник”