Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жарлыкка ылайык, 1 207 кишиге (820 – чоңдор жана 387 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө. Өлкөнүн жаңы жарандарынын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Ошондой эле, дагы бир Жарлык – 53 кишиге жарандыктан чыгуу жөнүндө (45 – чоң жана 8 бала).
Жалпы арыздар – 1 260 адам (865 – чоңдор жана 395 – балдар).