Домой Аналитика Ворух анклавы боюнча К. Ташиевдин сунушуна тажиктер пикирин билдирүүдө

Ворух анклавы боюнча К. Ташиевдин сунушуна тажиктер пикирин билдирүүдө

2764

26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунда жайгашкан Ворух анклавын алмашуу сунушун тажик тарапка жолдогонун билдирди. Анын айтымында, 12 миң гектардай аталган аймактын ордуна Баткен жана Лейлек районунун аймагынан башка жерлер сунушталган. Бул маалымат учурда Тажикстандын ММКларында кызуу талкууланып жатат. Биз төмөндө “Озоди” үналгысынын сайтындагы тажик окурмандарынын пикирлерин сунуштайбыз.

Даврон: Тажикстан бул сунуштан баш тартат деп ишенем.

Аналитик: Бул ультиматум. Ворухтун эли эмне болот?

Бот: Эгер 100 эсе көп жер сунуш кылса ойлонуп көрсө болот. Бирок Ворухтун 12 миң гектар жерине 12 миң гектар алмашуу биздин кызыкчылыкка туура келбейт.

Сулима: Ворухтун тургундары буга макул болбойт. Мындай сунушка макул болуу ал жерде өмүр бою жашап өткөн ата-бабаларыбызды сатуу менен барабар. Менин оюмча мындай сунушту айтыштын кереги жок. Бул коңшучулукка да туура келбейт. Муну силер айткан жоксуңар, биз укпадык.

Зафарчон: Эң жакшысы бүтүндөй Борбор Азия мамлекеттерин бириктириш керек, бирок бул кыял бойдон калууда. Кандай болгон күндө да чечимдер эл кызыкчылыгы үчүн болбойт.

Миру мир: Кыргыздар менен тажиктер достукта жашаган элдер, баары тынч жол менен чечилет деп ишенем. Жерди алмашуу жакшы идея, ошентсе да эки тарап тең ыраазы болгондой болушу керек.

Майя: Жок, жок жана жок! Бул тирүү адамдын чыпалагын кесип алуу менен барабар.

Без подписи: Ворухту алмашсак “кыргыз бир туугандар” дарыяны тосуп алат. Анын натыйжасында Исфара жана Канибадам райондору суусуз калат. Ворух анклав болгон эмес жана болбойт. Болсо биздин өлүм менен гана!

булак: media.centr