Домой Дүйнөдө Юпитер планетасынын үстүнөн көрүнүшү. NASA агенттиги тарткан (видео)

Юпитер планетасынын үстүнөн көрүнүшү. NASA агенттиги тарткан (видео)

179

NASA агенттигинин планета аралык «Юнона» станциясы Юпитерге 2016-жылдан бери байкоо жүргүзүп келет. Күн системасындагы эң чоң планетага жетүү үчүн космос кемеси беш жыл убакыт короткон.

Видео атайын аппараттын жардамы менен тартылган 41 сүрөттөн куралган. Анда көрүүчү Юпитер асмандан кандай көрүнөрүн байкай алат.

«Юнона» миссиясынын максаты Юпитерди дагы да терең изилдөө болуп саналат. Бул планеталар аралык станция 1995-2003-жылдары ири планетаны айланган экинчи космос кемеси болуп калды. Алгач ирет «Галилео» станциясы тегерете байкоо салган.

 

булак: sputnik.kg