Көлөмү 370ден 820 мге чейинки аралыктагы потенциалдуу астероид ноябрдын аягында Жердин жанынан учуп өтөт. Бул тууралуу «НАСАнын» Жерге жакын объектилерди изилдөө борборунун сайтындагы маалыматка таянып «Барометр» которду.
Ага ылайык, 153201 (2000 WO107) астероиди биздин планетага 29-ноябрда 4 миллион кмден ашпаган аралыкта келет. Салыштыруу үчүн Ай менен Жердин аралыгы 384 миң км. Бирок, астероид жер шарынын орбитасын кесип өткөндүгүнө байланыштуу кооптуу деп эсептелет.
Спектралдык анализ көрсөткөндөй, астероиддин курамында никель, темир жана кобальт бар. Asterank маалымат базасына ылайык, астероиддин минералдык ресурстарынын наркы 17,4 миллиард долларды түзөт.
Эске салсак, август айында «НАСА» окумуштуулары 2018 VP1 астероиди 2-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 21:30 чамасында Жерден 384 миң км алыстыкта өтөрүн билдиришкен.
булак: barometr.kg