Домой Коом Унаа салыгын төкпөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлөт

Унаа салыгын төкпөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлөт

130

Транспорт салыгын төкпөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Рейддер Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлөт. Транспорт салыгын төлөөнүн мөөнөтү ушул жылдын 1-сентябрында аяктаган. Салыкты өз убагында төкпөгөн учурда 2 миң сомдук айып пул салынат.

 “Мындан тышкары ар бир өткөн күн үчүн туум жазылат. Унаа салыгын төгө элек айдоочуларды салык төлөөгө чакырабыз. Рейддер салык төкпөгөндөрдү аныкташ үчүн гана эмес калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүш үчүн дагы өткөрүлөт”, -деп айтылат маалыматта.