Домой Саясат Адегенде Кыргызстандын айыл-чарбасын талкалап, андан соң мамлекеттин өзүн талкалагысы келген Б. Талгарбеков...

Адегенде Кыргызстандын айыл-чарбасын талкалап, андан соң мамлекеттин өзүн талкалагысы келген Б. Талгарбеков кантип актанууда?

34

           maxresdefault

Тээ А. Акаевдин доорунда анын ишенимдүү адамдарынын бири болгон Б. Талгарбеков аттуу эрендин учурда абакта жатканын баарыбыз жакшы билебиз. Ал Акаев «куйругун түйө» качкандан кийин дээрлик 15 жылдан ашуун убакыт «чээнден» чыкпай жүрүп, анан эле «Элдик парламент» аттуу коомдук кыймыл түзө калып, «Биз оппозиция да эмеспиз, бийлик да эмеспиз, биз баардыгын болгонун болгондой гана айтып турабыз» деп чыккан.

Бирок, көп узабай эле анын башкы максаты бийликти күч менен басып алуу экени ашкереленген. Ал Төрөбай Колубаев, Александр Гусев, Тойгонбек Калматов, Марат Султанов аттуу санаалаштары менен бирдикте бул максаттарын жүзөгө ашырууну пландашкан. Муну тастыктаган аудиожазуулар бар. Ошентип буларга карата соттук териштирүү жүрүп, күнөөлөрү далилденип, Кылмыш-жаза кодексинин негизинде тиешелүү мөөнөттөрүн алышкан.

can you take too much cialis.

Ошентип бир нече айдан бери темир тор артында отурган Б. Талгарбеков элге кайрылып, өзүн тим эле репрессияга туш келген саясатчыдай көрсөтүп жибериптир. ««Демократия аралчасы» деп аталган Кыргызстанда 21-кылымда тергөө жана сот өткөн доордун 37-жылындагы сталиндик репрессиянын ыкмаларын колдонуп жатат. Бир гана айырма, бизди аткан жок, бирок айрымдарыбызга өлүм жазасына тете өкүм чыгарды. Бизди «мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатат» деп айыптап соттоду, камакка алышкандан кийин улут аралык кастыкты козутуу боюнча кине такты. Бул айыптар негизсиз», — дептир ал өз кайрылуусунда.

«Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деген ушул эмеспи. Андай болсо алардын бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрүн кайда катабыз? Б. Талгарбековдун санаалашы Т. Колубаевдин сөгүнүп-сагынып, бийликти кандайча оңой эле басып ала турганын айтып атканын жалпы элибиз уккан. Анан мындай арам ойлууларды камабай эле, башынан сылап туруш керек беле? Биздин Кылмыш кодексибизде өлүм жазасы жок болуп атпайбы, болбосо мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч туудурган мындай бузукулардын барынан жогу жакшы эле да…