Домой Саясат Улукбек Марипов улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Бишкек социалдык стационардын мекемесине...

Улукбек Марипов улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Бишкек социалдык стационардын мекемесине барды

117

Премьер-министр Улукбек Марипов 8-март — Аялдардын эл аралык күнүндө улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Бишкек социалдык стационардын мекемесине барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы мекемеде жашаган аялдарды жаз майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт, жаркын маанай жана күч-кубат каалады.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин 8-мартка карата чын дилден чыккан куттуктоолорун билдирем. Ушул жаркыраган майрам күнү ар бириңиздерге чың ден соолук, узак жана бактылуу өмүр, бакубатчылык жана жакшылыктарды каалайм. Аялзаты кылымдар бою үй-бүлөдө ардактуу орун ээлеп, үйдүн куту болуп, балдарды эң бийик адеп-ахлакка тарбиялар, өздөрүнүн акылмандыгы жана боорукердиги менен дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүп келет. Бүгүн ушул залда акылгөй, чыгармачыл, таланттуу айымдар чогулган. Сиздер өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор күч-кубат жумшадыңыздар. Сиздерге терең таазим! Сиздер, бардыгыңыздар – биздин энелерсиздер, биз – сиздердин уул-кыздар, сиздер жалгыз эмессиздер! Ар бирибиз ата-энебизди сүйүп, урматтап, аларга камкордук көрүүгө тийишпиз! Мен балдардын жана карылардын үйлөрү жок болушун чын жүрөктөн каалайт элем, балдар жана улгайган адамдар үй-бүлөдө, сүйүү жана камкордукка курчалып жашашы керек. Биз өсүп келе жаткан муунду улууларга, ата-энесине урмат көрсөтүүгө тарбиялашыбыз керек. Биз сиздердин жашоону жакшыртуу үчүн иштөөгө тийишпиз», — деди Улукбек Марипов.