Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини – Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевди тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
«Санариптештирүү маселеси жаңы Министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Санариптештирүү боюнча милдеттерди натыйжалуу чечүү, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү максатында Санариптик өнүктүрүү министрлигин түзүү чечими кабыл алынган. Биздин милдет – тиричиликтин бардык тармагын, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен саламаттык сактоо, билим берүү, туризм, транспорт, курулуш, тейлөө көрсөтүү тармагынын өз-ара аракеттешүүсүн санариптештирүү процесси менен камтуу болуп саналат.
Мамлекеттик ишканалардын түзүмүн өзгөртүүдө IT-эксперттерди максималдуу сактоо милдети коюлду. Ишканалардын административдик аппаратына тийиштүү айтсак, бюджетти үнөмдөө максатында кайталанма функциялар гана кыскартылат«,- деп билдирди Марипов.