Түгөлбай Байзаков атындагы Ардак медалдын, Жумамүдүн Шералиев атындагы медалдын ээси, обончу, аткаруучу, белгилүү дастанчы, булбул үндүү Бурул Стамкулова менен маек.
- Бул жашоодо адам ар кандай ойлор менен үмүттүү жашайт. Андай жашаганыбыздын себеби, жашоодо аз же көп жашайбызбы жашоону тереӊ карап, жыл өткөн сайын жасаган иштериӊе саресеп салып артты карайт экенсиӊ. Дүйнөнү каптаган пандемия да менин жашоомо өзгөрүүлөрдү киргизди. Ал убакта алгач өзүмө эмес кыргыз элиме эмне жумуш жасадым деген ой толгоолор пайда болду. Жакшы нерсени ойлоп, жакшы иштерди жасасаӊ жаман нерседен кутулат экенсиӊ. Ошол учурда өзүмдү-өзүм алаксытуу менен апааттан өзүмдү оолактаттым. Музыка да адамды дарылайт, медицинада музыкатерапия деп коет. Мени пандемиядан дал ошол музыкатерапия куткарды окшойт. Себеби, бир катар обондор жаралды. Молдо Кылычтын, Арстанбек Буйлаш уулунун, Жеӊижок аталарыбыздын акыркы китептерин кайрадан барактап чыгууга кенен убакыт табылды. Ал китептерде “18 миӊ ааламды кыдырып кетсеӊ да бул дүйнөдө жакшылыгыӊды үй-бүлөӊө, жакшы санаалаштарыӊа арна”, — деген жери бар экен. Ошондон улам менин жашоомдо бир топ өзгөрүүлөр пайда болду.
“Атамды жоготуп, атама болгон кусам менен чыгармачылыгымды алгач Ата-эне темасына арнагам”
- 1989-жылдан баштап чыгармачылыкка аралаша баштадым. Бүгүн же кечээ эле популярдуу болуп кеттим дегенден алысмын. Той-топурда ырдабаганым үчүн жана обондорумдун тематикасы философияга жакын болгондуктан өтө жай, тереӊ маанилүү оор чыгармаларды алып, анын обонун жаратып, ал чыгармага сүӊгүп кирип элдин эсинде кала тургандай салмактуу, уккулуктуу жана өмүрү узак боло турган обонду жаратуу өтө оор. Жүрөгүӊдө эмне болсо ошого ыктайт экенсиӊ. Атам 49 жашында, мен 7-классымда каза болуп калгандыктан, апам 7 бир тууганымды жалгыз тарбиялады. Атама болгон кусам менен алгачкы обонумду ата-эне темасына кайрылып “Дил билет” ырына обон жараттым. Ата-энени деле Кудай бешенеӊе байлап бербейт экен. Аз жашайбы көп жашайбы сен канчалык ата-энеӊе кызмат кылдыӊ, анын эмгегин канчалык актадыӊ кеп ошондо. Былтыр апам бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Жаштарга айтаарым ата-энени тирүүсүндө батасын алып, колуӊардан келген жакшы нерсени ата-энеӊер үчүн жасап үлгүрүп калгыла.
“Төлөгөн Касымбеков “Кел-кел” романын өзүмдүн аткаруумда угуп, батасын берген”
- Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун “Кел-кел” романына кайрылып жүргөн кезимде, ал кишинин үйүнө барып комузум менен ырдап берип калдым. Мага аябай батасын берип, “Мен бул ырды сенден эмес, Эл артисти Роза Амановадан уктум. Автору ким десем өзүӊүздүн карындашыӊыз Бурул Стамкулованын обону деген эле” – деп, өзүмдүн аткаруумда угуп абдан кубанган. Кийин самолетко билет алып берип мени чакыртып, 2-3 депутат жазуучуларга менин аткаруумдагы “Кел-кел” дастанын угузуп, ыраазы болуп батасын берген. Кийин Төлөгөн Касымбековдун дал ошол чыгармасы түрк тилине которулуп, киносун Турциядан тартып, чыгарманы ошол жактан аткартабыз деп атканда ал киши бул дүйнөдөн өтүп кетти.
“Сүйүү темасына кеч кайрылдым…”
- Элге, ата-энеге, жерге болгон сүйүү темасынан артта калган жокмун. Бирок, ашыктык темасына кайрылуу бир аз оор болду. Себеби, мага сиз эмнеге оор, философиялык темаларга кайрыла бересиз, сүйүү темасына да кайрылып көрбөйсүзбү? – деп суранышканынан ашыктык, сүйүү темасына да кайрылып көрдүм. Атахан Кожогуловдун сөзүнө жазылган “Сүйүүмсүӊ” ырына обон жараттым. Азыр ал ырды ырчылар Айпери Кулбаева, Нурзат Айдаркулова, Сайрагүл Тойтуковалардын аткарып жүрүшөт. Кандай гана обон чыгарбайын алгач ырдын текстине маани берем. “Сүйүүмсүӊ” ырдын обонун да конкурска алып барсам, калыстар тобу обону да сөзү жакшы чыгыптыр дешти. Себеби, менин ар бир ырым сынактан, акын-композиторлордун сынынан өткөн. Мен ал тартипке көнгөм. Бүгүн обон жазып, эртеӊ аранжировка кылып тойдо ырдагандан алысмын. Ырга болгон көз карашым 80-90-жылдардагы ырдын пири Ырыспай Абдыкадыровдун көз карашындай. Ал киши ырга обон жаратууда мага талапты катуу койчу, мен аны туура кабыл алчумун. Ырыспайдын деӊгээлинде, анын жолунда баратканым үчүн менин обондорум кеч чыгат, кеч жетет, бирок жетпей калбайт, чыкпай калбайт, кеч чыкса да элдин жүрөгүнө жетип түнөк табат.
Асылзат айымдарыбызды майрамы менен куттуктайм!
- Жаз менен кошо кирип келген 8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен Кыргызстандын кадырман энелерин, асылзат айымдарын, кыз-келиндерин куттуктайм! Ааламды жүрөгүнө батырган үч тамга — эне, аял, кыз, жар. Чындыгында аял жакшы- эр жакшы дегендей, айымдарыбыз жакшы болуп, мырзаларыбызды алдыга сүрөйлү, өлкөбүздү өнүктүрүүгө салымыбызды кошолу. Ар бир аялзатына бакубат жашоо, ден соолук каалайм! Ар дайым үйүӊүздөрдүн кутун кармап, төрдүн көркү, балдардын бактысы болуп жүрө беришиӊиздерге тилектешмин!
Төлөбүбү Касымалиева