Домой Коом УКМК: Алмазбек Атамбаев, Канат Сагымбаев жана Дамир Мусакеев массалык башаламандыктарды уюштуруу фактысы...

УКМК: Алмазбек Атамбаев, Канат Сагымбаев жана Дамир Мусакеев массалык башаламандыктарды уюштуруу фактысы боюнча кармалышты

52

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев, УКМКнын мурдагы кызматкери  Канат Сагынбаев жана  УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакееа кармалган.

Белгилей кетсек, алар 6-октябрга караган түнү митингчилер тарабынан абактан чыгарылган.