Домой Технологиялар Нарында кымыз жасоочу аппарат ойлоп табышты

Нарында кымыз жасоочу аппарат ойлоп табышты

422

Элечек, кымыз, жылкы

Назира Касымбекова Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин физика мугалими болуп үч жылдан бери эмгектенет. Кымыз жасоочу аппаратын “жайлоо шартында кымызды күч коротпой жасооч” деп атаган.

“Бул апараттын кандай иштээрин бир жылдан бери текшерип келгемин, эми жасап чыктык. Анан бул куралга биз “жайлоо шартында кымызды күч коротпой жасооч” деп ат койдук”,- дейт Касымбекова. Аппарат күндүн, суунун же болбосо шамалдын энергиясы, андан сырткары генератор менен да иштөөгө ылайыкталып жасалган. Мындай аппаратты ойлоп жасагандыгынын себебин, жайлоодо кымызды кол менен чалып убакыт коротуп отурбай, ошол каражаттын жардамы менен бат жана оңой эле кымыз жасоого болот деп айтып берди Назира Касымбекова. Идея Назира Касымбековага таандык болгону менен ага бул аппаратты жасоодо ошол эле мектептин математика мугалими Медина Молдалиева жана 11-классынын окуучусу Акай Орозкожо уулу да жардам беришкен.

Аида Мусаева