Домой Азил Төңкөрүштөн башканы билбейт экен

Төңкөрүштөн башканы билбейт экен

42

Азимбек Бекназаров

Парламенттик шайлоо. Үгүт учуру. Көчөдө эки чоң портрет илинип турат. Сол жагында – депутаттыкка талапкер Азимбек Бекназаровдуку, ал эми оң жагындагы сүрөттүн үстүндө “Милиция издөө салат” деп бакыйып турат. Карыган кемпир келди да эки сүрөттү көпкө тиктеди. Карап-карап оор үшкүрүнүп, мындай деди: “Эх, кимисин шайласам экен?.. Оң жагындагысынын кебетеси түзүгүрөөк көрүнөт го. Сол жагы согуш, төңкөрүш тилдегенден башканы билбейт окшойт” –деп өзүнчө бүтүм чыгарыптыр.