Дыйкандарга сөз жүзүндө чарбаны кантип өстүрүү керек деген кеңештерди берген Айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев биринчи жолу айылга барыптыр. Кайра шаарга кайтып келген министр аялына толкундануу менен мындай деди:
— Ишенесиңби, алтыным, мен айылдан жылкы жасаган адамды көрдүм.
— Кайдагыны айтпачы. Жылкыны да адам жасачу беле, аны Кудай жаратат, анан адамдар жейт да.
— Чын айтам, кудай урсун! Мен барганымда ал адам жылкыны жасап бүтүп калган экен. Баарынан кызыгы, ал аттын буттарын темирден жасап жатыптыр, — деп карганыптыр.