Россиялык ишкерди алдап, анын 1 млн. доллар акчасын пара катары алган деп айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаевдин соту аяктап калды. Буга чейин далай күбөлөр көрсөтмө берип, Өмүрбек Чиркешовичтин күнөөсүн, кылмышын тастыктап берди. Эми соттун чечими чыгарына жакын калды. Муну билген Текебаевдин айрым тарапкерлери, туугандары 5-6 адам болуп ачкачылык акциясын жарыялаптыр.
cialis next day delivery. Тамактан баш тарткан Текебаевдин колдоочуларынын сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыяланып, кызуу талкууланып жатат. Сүрөттө ачкачылык жарыялагандардын арык чырайы 90 килограммдан өйдө болсо, салмактуусу 180 килограммды чапчый турганын байкасаң болот. Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү “диета кармап жатыптыр” десе, аларды тааныгандар “булардын орозодон карызы бар, ошону кутулуп жатса керек” деген пикирлерин жазууда.
Чындыгында ачкачылык жарыялагандарга арыктоого жакшы шарт түзүлүптүр. Бир чети бул аракети менен элге таанылса, экинчиден шылтоо менен ашыкча майдан арылат.
Азыр заман такыр башка жана ар бир чечим мыйзам чегинде гана чыгат. Ачкачылык жарыялоо, мөөнөтсүз митингге чыгуу эски доордун калдыгы. Мындай кадамга баргандарды эл деле колдобойт. Бийлик эл менен эсептешип, коомчулуктун пикири эске алынып жатканда тамактан баш тартуу аша чапкандык. Текебаев боюнча чечим ар кандай акциялардын кысымы менен эмес мыйзам чегинде гана чыгышы керек.