«Мегаком» компаниясын алып берүү убадасы менен россиялык бизнесменден 1 миллион доллар пара алганы соттук териштирүүлөр аркылуу далилденип, темир тор артына кеткен «Ата-Мекен» партиясынын лидери ӨмүрбекТекебаев бүгүнкү күндө №47 абакта жаза мөөнөтүн да өтөп, дарыланып да атканы белгилүү.
Буга чейин парламенттеги айрым депутаттар Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинин дарегине кайрылуу жасашып, Ө. Текебаевди убактылуу абактан чыгарып, ооруканага жаткырып дарылатууну суранышкан. Бирок, бул сураныч четке кагылган эле. Натыйжада ал азыр жогоруда белгилеп кеткендей №47 абакта дарыланууда.
Текебаевди абактан чыгарып, ооруканада дарылатуунун максаты эмнеде эле? Эсибизге жара чыкпаса, 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин дагы канкор К. Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиев кармалып, темир тор артында жатканда ден-соолугуна байланыштуу ооруканага которушкан. Ошондон ары ал Кыргызстандан куйругун “түйө” качкан. Кыязы, “атамекенчилер” да ушундай жол менен Текебаевди сыртка качыруу аракетин көрүшкөнбү деген суроо жаралат. Алтургай ошондой план түзүлгөн болушу мүмкүн экендигинен күмөн дагы жок. Ошондо башкы “атамекенчи” Акаевдин жанына баргысы келгенби же Бакиевденби?