Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартылып жаткан «Манастын уулу Семетей» тасмасынын трейлери жарык көрдү.
Социалдык тармактарда “Манастын уулу Семетей” тасмасына каршы пикирлер байма-бай чыгышкан. Алардын арасында жөнөкөй жарандардан тартып, белгилүү маданий ишмерлер, тарыхчылар дагы бар.
Айрым белгилүү манасчылар тасманын тартылышына карата каршылыгын билдирип, атайын маалымат жыйынын өткөрүшкөн.