Буга чейин Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын президенттик шайлоодон жеңилген лидери Өмүрбек Бабановго улут аралык чатакты козутканы үчүн кылмыш иши козголгон. Парламенттеги аталган фракциянын катчылыгы Бабановго козголгон кылмыш иши тууралуу атайын билдирүү таратып, аны саясий негизде козголгон кылмыш иши деп атады. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?
— Өмүрбек Бабанов Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу, улут аралык, рассалык жана диний кастыкты козутуу боюнча боюнча айыпталып жатат. Мындай оор беренелер менен конкреттүү негиздер болмоюнча кылмыш иши козголбойт. Андыктан аны саясатташтыруу жөн гана жоопкерчиликтен качуу аракети. Тергөө, иликтөө иштери аягына чыккандан кийин гана баа бериш керек. Азыр эле бул ишке «Республика-Ата Журт» фракциясынын катчылыгынын баа бергени туура эмес.
— Ошондой эле аталган фракциянын депутаттары бул иш боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөрүп жатыптыр. Буга негиз барбы?
— Депутаттар акыркы кездери өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып баратат. Депутаттык комиссия тергөө иштерине тоскоол гана болот. Анда бизге укук коргоо органдарынын эмне кереги бар? Ошол эле Башкы прокурорду, УКМК башчысын парламентке чакырып эле маалымат алып алса болот. Депутаттык комиссия түзүүнүн кереги жок.