Кечээ күнү бир катар сайттарга жакында Таласта өткөн митингдин уюштуруучуларынын сүйлөшүүсү жаздырып алынган атайы аудио чыгып, ал эмдигиче кызуу талкууланып жатат. Жаздырууну кимдер жасашат, ал белгилүү дечи. Татынакай, тынч жашоосунан алагды кылып, таластык аксакалдарды тамтаңдатып Бишкекке чейин убара кылып, маалымат жыйынын өткөрткөн ж.б. шарттарды түзүп берген адамдар тууралуу бир катар сайттар ошондо эле жазып чыгышкан. Ал эми кечээ чыккан аудиодон Боканов беле, Болбосканов беле, айтор ошонун “Республиканын” “атасы” Бабановдун аталаш тууганы Көпжашар Бабанов менен, 24 kg сайтынын, “Азаттык” үналгысынын Албина деген журналисттери менен, Элдар деген жигит менен сүйлөшкөндөрүн угуга болот. Ал эч кандай монтаж эмес. Баары өздөрү сүйлөшкөн. Ага бир нече адам күбө. Бирок ошентсе да, Болотканов деген кургур бир гезитке дөөрүп, баарын тааныптыр, таластык аксакалдарга, таластагы митингге менин эч кандай тиешем жок деп. Тангандын да чеги болот. Жаман иш жасагандын, калп айткандын, мамлекетке чыккынчылык кылгандын да, саткынчылыктын чеги болот. Адаммын десе, мына ошону түшүнүп алса, адам болбосо анда айла жок, канча айткан менен “дөң” бойдон калат эмеспи. Эң кызыгы Болотканов “Азаттыктын” журналисти Албинаны кекетип-мокотуп жатат: “Митингге миң киши чыкса 100 деп жазып коёсуңар, силер КТРКдан айырмаңар жок турбайбы” – деп. Ошол өзү жамандап жаткан КТРКда учурда Байкоочу кеңешинде иштейт, ага чейин КТРКнын гендиректорунун ою жаман орун басары болгон. Ичкен кудугуна балчайта түкүргөн немеден эмненин жакшылыгын күтсө болот.
https://www.youtube.com/watch?time_continue=3&v=Hwe64Iwc16g
Негизи эле Болотканов деген неме башынан, дээринен ушундай ызы-чуу иштерди уюштурганга маш. Жедеп көнүп бүткөн. Жан дүйнөсү, адамдык сапаты өлүп бүткөндөрдүн катарында. Бул кепке чейинки иштеген бир катар мамлекеттик кызматтардагы былыктары, башка кылыктары анык далил. Ал маселе тууралуу толтура эле жазылып келет…
Кыскасы, бул Бабанов жана бабановчулар элди келесоо деп ойлойт окшойт. Бирок ошол митинг жана ага чейинки кайрылууларды уюштурган “шестёрка” Болоткановдун былыгы минтип ачыкка чыгып жатса да, ал кургур кайра айрым гезиттерге барып карманча таанып, чындыкты жазган журналисттердин ойлоп чыгарганы деп, өзүн периштедей ак сезип жатканына кыжырыбыз кайнап турат. Анан калса ошол журналисттер менден пенсия үмүт кылып жатат дептир. Ошол пенсиясын бир жерине тыгып албайбы. Чындык үчүн күрөшкөн адамдар андай арам пенсияларды уруп ойнобосун бул Боканов түшүнбөйбү. Баарын өзүндөй көрө береби?Анан калса журналистерди атындагы ачыктабаптыр.Болгону бурмалап, тергеп айтыптыр кыясы ачык айтканга духу жеткен эмес.Өзү өмүр бою, жедеп ошондой пенсия үмүт кылып көнүп калганын мына ошол сөзү менен тасыктаптыр. Чын эле, анысы элге дайын. Кыскасы, “чириген ооздон, ириген сөз чыгат” дегендей Болотканов такыр эле болбой калыптыр. Мурун эле мурдун ар кайсы былык иштерге тыга берип, элге жедеп жаман атты болуп бүттү эле. Эми ого бетер анысын күчөтүп турган кези. Чынында ЖМКда Кубат жөнүндө бир жакшы сөз жазылбайт. Себеби, басканы, турганы, кылганы кыйшык болсо, ким жакшы жазмак эле… Неге дегенде бул адам оозум бар деп, оозу менен орокту оро берет экен, каратып туруп калптын камырын чоё берет экен, пайда чыккан жердин канын сүлүк курттай соро берет экен. Анан ким жакшы көрөт? Былык иштерин канчага чейин танат эле. Өзү жасаган былык иштер эч таанып кетүүгө мүмкүн эмес, как маңдайында, кашкайган далилдер менен турса да, мынча эмне жандалбастап, өзүн актап көнүптүр. Анан да уялбай башкаларга сын айтып коёт экен… Же “Уруу тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” дегенди бул жашоосунда туу тутуп алганбы? Ошентип, Бабанов жана анын Кубатка окшогон “шестёркалары” Бишкекке Таластан 5-6 аксакалды алып келип, аларга кайрылуу жасатып, анын анча-мынча элди Таласта митингге чыгарып, анын авторлору булайып ачыкка чыгып калган соң: “аксакалдарга, митингге эч кандай тиешебиз жок” – деп каратып туруп сатып, танып жатат. Бул кепти Болотканов айтып олтурат, актанып. Кыязы, бул кейпи менен ал бул жарык дүйнөгө алып келген атасын деле каратып туруп сатып кетчүдөй…
Мейли таластыктар Атамбаевдин айтканына таарынып, митинг кылса кыла беришсин. Бирок митингге бир сасык саясатчынын уюштуруусу менен чыккандары акылга эч эле сыйбайт. Аны менен деле башыбыз оорубайт. Болсо боло берсин, таластык аксакалдар Бишкекке келип бабановчулардын бешбармагына тоё берсин. Кандай болгон күндө да ал митинггдер саясый митинг экени ачык эле көрүнүп турат. Анын башында бир ууч адамдын суу кечпеген саясый кызыкчылыгы турат.