Домой Саясат Кыргыз өкмөтү vs Казак өкмөтү: 3:0

Кыргыз өкмөтү vs Казак өкмөтү: 3:0

53

SHeradil-Baktygulov

Акыркы убактарда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамиле Борбор Азия мамлекеттеринин жана анын алкагынан да тышкары талкууга алынган тема болду. Түрдүү мамлекеттердин электрондук жана басма ММКлары «кимдики туура, ким күнөөлүү» линиясы боюнча теманы чагылдырышууда. Бирок, аларда мунун баары эмнеге алып бараары айтылган жок.

Ошол эле убакта Кыргызстандын жана Казакстандын лидерлери өздөрүнүн көз караштарын билдиришти. Кыргызстандык жана казакстандык тараптын пикирлери жана позициялары кеңири коомчулукка белгилүү болду. Ошону менен бирге Казакстандын президенти жана премьер-министринин расмий позициясы жер-жерлердеги казакстандык чиновниктердин аракеттеринин практикасынан айырмаланганын түшүнүү керек. Жер-жерлерде түрдүү деңгээлдеги чиновниктердин ашынган аракеттери белгиленип атты. Казакстандын президенти жана премьер-министри өздөрү отуруп алып жана катардагы кыргызстандыктар негиздүү доомат коюп аткан бардык татаал процедураларды бекитип атканы толук күмөндүү.

Эске сала кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы тышкы мамилелердин кризиси 2017-жылдын 10-октябрынан тарта курчуду. Ошол күнү Казакстан Кыргызстандан ташылган товарларга карата текшерүүнү күчөтүүнү демилгеледи. Белгилей кетсек, бул «саясый футболдо» КР өкмөтү Казакстан өкмөтүн «үч-нөл» эсебинде утуп атат.

Биринчи гол: 2017-жылдын жайында Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги өзүнүн жөнөткөн нотасында Казакстандын президенти Назарбаевдин «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынын лидери, президенттикке талапкер Ө. Бабанов менен жолугушуусуна нааразычылыгын билдирген. Казакстандын тышкы саясый ведомствосунун жооп катары нотасында президент Назарбаев ошондой эле президенттикке талапкер С. Жээнбеков менен да жолугушкан деп билдирген. Бул протоколдук жолугушуу ЕАЭБ курамындагы мамлекеттердин өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун алкагында, ага катышуу үчүн Астанага ошол убактагы премьер-министр Жээнбеков жумушчу сапары менен барганда болгонун айтпай кетишкен. Көрүнүп тургандай, Казакстандын ТИМинин билдирүүсү чындыкка туура келбейт.

Экинчи гол: Казакстандан Кыргызстанга 100 млн АКШ доллар бөлүү боюнча келишимди денонсациялоо. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кырдаалга байкоо салып турган адамдар бул келишимди денонсациялоо президент Назарбаевдин маалымат жыйынында 40 млн АКШ доллары Кыргызстанга берилди деп билдиргенинен улам жасалганын билишет. Демек, казак президентинин айтканы да чындыкка дал келбейт. Казакстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун буга жасалган комментарийлери бардык күнөөнү Кыргызстанга оодара салуу аракети болуп саналат – өздөрү документтерди беришкен эмес дешип. Ошол эле убакта президент Назарбаевге туура эмес маалымат беришкени – акча которулбаганы – факты боюнча калат.

Ү online pharmacies without scripts. чүнчү гол. Казакстандык чиновниктер ЕАЭБдин кызыкчылыгын коргоп атабыз деп билдиришти. Чындыгында эле ошондойбу? Мисалы, ушул жылдын сентябрь айында россиялык айыл чарба министри Казакстан менен Белоруссия «россиялык кант өндүрүүчүлөрдү басып атат» деп билдирди. Зыян 60-70 млрд рублге бааланды. Ошондой эле Россиянын Борбордук банкынын маалыматына ылайык, жыл сайын Россиядан Казакстан аркылуу 60дан 90 млрд АКШ долларына чейин акча чыгарылат. Андан ары, UNОDСдун маалыматына ылайык, Афганистандан Россия жана Европага башкыц нарко жол Өзбекстан жана андан ары Казакстан аркылуу кетет. Мындай тизмени уланта берсе болот, бирок биз белгилей кетишибиз керек, бул жана башка чынжырчаларда кыргызстандыктар лидерлик абалды ээлешпейт. Мисалы, Казакстандын улуттук коопсуздук кызматы муну түшүнбөйт. Казакстандын атайын кызматынын кече жакында берген маалыматы боюнча Казакстандан Тажикстанга турмуш-тиричилик газын контрабандалык жол менен алып чыгууга шектелип кармалган 19 адамдын алтоо Кыргызстандын жарандары болуп саналат экен. Калгандары мына ушул кылмыштуу схеманы уюштуруп жана андан кирешенин көп бөлүгүн алышкан Казакстандын жарандары болуп саналат. Бул схемада Кыргызстандын жарандары казакстандык контрабанданы Кыргызстандын территориясы боюнча жеткирүүгө жооп беришкен.

Кыргызстандыктардын мыйзамга туура келбеген ишмердүүлүгүнөн ЕАЭБге канча зыян болгону боюнча да расмий баа берилген жок. Түрдүү булактардын баалары боюнча – ошол эле Россияга казакстандык реэкспорт, контрабанда жана башкалардын пайызынын онунчу же жүзүнчү үлүшү. Жападан жалгыз айыптоо – «серый» реэкспорт ээлейт. Ошол эле убакта ЕАЭБдин тартибинде товарлардын реэкспортунун бажы процедуралары каралган. Реэкспорттук товарлар «серый» болобу же жокпу конкреттүү фамилиясы, аты жана отчествосу менен бажы кызматкеринен көз каранды болот.

Жыйынтык ордуна

Кыргызстанда чечим кабыл алуунун казакстандык системасына түшүнүү менен мамиле кылышат. Президент Назарбаев жана премьер-министр Сагинтаев одоно маалыматтарды алып атканы көрүнүп турат. Казакстандык министрликтер жана ведомстволордун отчетторунан текшерилген автоунаалардын 10%га жетпегени гана ЕАЭБдин режимин бузган жүктөрдү ташый турганын билебиз. 100% автоунааны текшерүүнүн кажети бар беле? Казакстандыктар транзиттик транспорттун (TIR) «печаттарын сыйрып атат» (эл аралык конвенцияны бузуу). Кыргыз-казак чек арасынан текшерилген транспорттун Россия менен чек арадан экинчи жолу каралышына жол берүүдө.

Өз ара доомат айтышуудан баш тартуу менен мындай аракеттердин баарысы эки тарап үчүн да кейиштүү кесепеттерге алып келерин эске алуу зарыл. Эки өлкөдө да радикалдуу чаралардан кайра тартпаган кызуу кандуулар бар жана алардын аракети эки тараптуу мамилелерди ого бетер курчутуп жиберери шексиз.

Ошол эле учурда Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн билдирүүлөрүн таразалап көрсөк, эки тарап да бири-бири менен мунасалашууга даяр экендиги байкалат, тагыраак айтканда курчуган абалдан баш тартып, позитивдүү өзгөрүүлөрдү баштоого ишарат кылууга ниеттери бар десек болот.

Ар бир тарап өз позициясын жана көз караштарын билдирди. Эми нагыз лидерликти көрсөтүүнүн учуру келди. Казакстан Борбор Азияда экономикалык жана саясый лидерликке талапкер. Ал эми Кыргызстан саясый кайра куруулар багытында үлгү болгусу келет.

Дүйнөдө чамасы чакталуу өлкөлөргө жеңилдиктерди берүү тажрыйбасы бар (маселен ЕШнын бүткүл дүйнөлүк жеңилдиктер системасы, эркин соода жүгүртүү келишими ж.б.). Борбор Азияда лидерликке талапкерленип жаткан Казакстан үчүн Кыргызстан менен мамиледе аймактагы лидерликке умтулуусу анык экендигин көрсөтө турган учур келди. Эске салсак, Казакстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кошулуп жаткан учурда Кыргызстан өзүндө жок жеңилдиктерди берген. Эгерде БСУнун мүчөсү болгон бир эле өлкө макулдук бербесе, БСУнун мүчөлүгүнө талапкер-өлкө уюмга толук кандуу мүчө боло албайт. Ал эми Кыргызстан өз макулдугун берген.

Чектөөлөр менен байланышкан бардык таржымал абдан эле олдоксон даярдалган: ЕАЭБте да эрежелер, санкциялардын тизмеси бар, а бирок мыйзамга ылайык актылар, эрежер менен жол-жоболор жок. Санкциялык товар бажычылар иштей турган аянтча болуп саналат, ал эми Казакстанда каралган андай санкциялар эч нерсеге жарабайт. Уюштуруу жана колдонуу жагынан алганда булар туура эмес санкциялар болуп саналат.

Шерадил БАКТЫГУЛОВ, саясат таануучу