Домой Дүйнөдө Россия Мусулмандар дин башкармалыгы башка диндин өкүлдөрү менен никеге турууга тыюу салды.

Россия Мусулмандар дин башкармалыгы башка диндин өкүлдөрү менен никеге турууга тыюу салды.

104

Россия Мусулмандар дин башкармалыгы башка диндин өкүлдөрү менен никеге туруу мүмкүн эместиги жөнүндө теологиялык кортунду чыгарды.

“Конфессия аралык, анын ичинде христиандар жана иудейлер менен Россия аймагында никеге турууга болбойт. Айрым учурларда гана жергиликтүү муфтийдин чечими менен бардык учурларды эске алып, уруксат берилиши мүмкүн “,-деп белгиленген документте.

Россия Муфтияты дагы бир фатвасында нике кыюу жөрөлгөсүнө милдеттүү түрдө кыздын мыйзамдуу опекундары жана күбөлөр катышуусу керек экенин белгилеген.

Документте мындай чечим үй-бүлө курууда мусулманды жоопкерчиликке чакырган баалуулуктарды сактап калуу максатында кабыл алынганы жазылган. Опекундар жөнсүз себептерде улам никеге тоскоол болбошу керек.