Домой Коом Жеймс Бонддун тапанчасы аукционго коюлат

Жеймс Бонддун тапанчасы аукционго коюлат

44

Жеймс Бонд тууралуу биринчи тасмада маркум актёр Шон Коннери колдонгон тапанча декабрь айында болуучу Голливуддагы аукциондо сатыкка коюлду.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Walther PP тапанчасы 3-декабрда Беверли Хиллздеги Julien’s Auctions аукционунда 150 миңден 200 миң долларга чейин коюлат.

Эске салсак, 1962-жылы Жеймс Бонддун ролун ойногон Шон Кеннери быйыл 31-октябрда 90 жаш курагында көз жумган.

Тапанча аукциондогу негизги буюм катары саналат. Тапанчадан сырткары Голливуддун 500гө жакын эстелик буюмдары, анын ичинде Том Круздун “Мыкты аткыч” тасмасында кийип жүргөн шлему жана АКШнын мурунку биринчи айымы Мишель Обаманын биринчи көйнөгү да бар.