Домой Ден-соолук Рак оорусуна жеткирген канцорегендер

Рак оорусуна жеткирген канцорегендер

309

ШпротАдистер 50 гр. ышталган колбасада бир пачка сигареттегидей канцорегендер бардыгын аныкташты. А шпроттогу зыяндуу заттардын өлчөмү бир банкасы 60 пачка тамекинин уусуна барабар. Көптөгөн курч кармаган жана өнөкөт оорулардын келип чыгыш себеби тамактануу менен тыгыз байланыштуу. Адам жашоосу үчүн азыктын абадан башкасын тамак менен суудан алат. Тамак болсо, нукура азыктарды кайра иштетүүдөн жаралат.

Ксенобиотиктер бул –биотикалык айлампага кирбеген адам организми үчүн чоочун химиялык заттардын белгилениши. Бул заттар учурда тамак-ашыбызда көбүрөөк учурап жатканы коркунучтуу көрүнүш. Булар радионуклиддер, уулуу химикаттар, нитрат, нитриттер, микотоксин, ар түрдүү биологиялык булгагычтар (микроорганизмдер жана вирустар). Канцорегендер булар – өз алдынча же кайра иштеп чыгуудан кийин нормалдуу клетканын рак чакырган клеткага айланышын шарттаган фактор. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, канцореген бул – өзүнүн физикалык же химиялык касиетине жараша адам денесиндеги клеткаларды кайра калыбына келгис кылып бузуучу күч.

Айлана-чөйрөнүн бузулушу, сууга жана жер кыртышына канцорегендик углеводороддордун түшүүсү да рак ооруларынын көбөйүшүнө алып келет. Жаныбарлардын организминде булар тез жок болуп кетишет, ошондуктан эт жана сүт азыктарында рак чакыруучу зыяндуу заттар азыраак. Бирок, жаныбарлардын эттерин кайра иштеп чыгууда, айрыкча аны ыштаганда аларда канцорегендердин зор өлчөмү топтолот. Жер-жемиштерде кездешкен нитрат, нитриттер да канцорегендик нитробирикмелерге айланышат. Азыктарды ыштап кургатуу, кууруу, консервалоо жана туздоо аларды тамакка эмес эле, уулуу заттарга айландырат.

 

Бөйрөктүн иштешин жакшыртуучу чөптөр

Өз эрки менен келген адамдарга нитраты көп жемиш ширесин ичиргенде алардын заарасынан чоң өлчөмдөгү нитробирикмелер чыккан. А бул болсо адамдын ашказанында, кызыл өңгөчүндө, боорунда, мурун көңдөйүндө, тамагында, бөйрөгүндө, заара чыгарууу жолдорунда, баш мээсинде рак оорусун пайда кылууга жөндөмдүү. Нитраттар жашылчаларды кайнаткан учурда да жок болушпайт. Эгерде кайнаткандан кийин шорпо же борщ үй бөлмөсүнүн температурасында көпкө туруп калса, андагы нитраттар тездик менен көбөйөт. Сабиз, кызылча, картошка жана башка жашылчалар көпкө сакталып тура беришет, бирок алардын курамындагы нитраттар бул учурда тездик менен нитритке айланышат. С+ 2 ° температурада нитраттар нитриттерге айлана алышпайт. Муздаткычтарда дал ушундай температура кармалат.

Дагы бир коркунучтуу канцорегендердин катарына көк дат (плесень) баскан азыктар да киришет. Булар болсо боор, ашказан жана жоон ичегинин рак болушуна алып келет. Демек, эскирген азык-түлүктөрдү убал болот деп аяп отурбай ыргытуу керек.

Аида Мусаева