Домой Ден-соолук Туздуудан жүрөк, таттуудан бөйрөк жабыркайт

Туздуудан жүрөк, таттуудан бөйрөк жабыркайт

481

жүрөк колдоКытайлык атактуу фармаколог Сунь Сымяо жүз жылдан ашык жашаган. Улгайып калган чагында да күчтүү бойдон калып сымбатын жоготпогон Сунь дарыгерлердин бир нече мууну үчүн энциклопедия катары кызмат кылган  “Миң алтын рецепт” (“Цянь Цзинь Яо Фан”) деген эмгегин калтырган. Китепте мындай деген сөздөр бар: “Ким адеп-ахлак жагынан өзүн өстүрсө жана жакшы иштерди жасаса, ал адам катуу оорудан же кырсыктан азап чекпейт. Бул ден соолукта жашоонун бирден бир маанилүү принциптеринин бири”. Анда эмесе, мына ушул атактуу дарыгердин ден соолук үчүн берген кеңештерине кулак салыңыз.

 

Кандай тамактануу керек?

Суусундук жана тамак адам денесине кан жүгүртүп, дем алуу күчүн толуктайт. Кандын күчү денени гүлдөтүп, күчтүү кылса, дем алуу күчү буту-колду бекемдейт. Андыктан туура тамактануу дене тамырын азыктантат. Эгерде туура тамактана албасаң, ден соолукту да сактай албайсың. Туура тамактануунун маңызы — адам баласы өсүмдүк майын негизги азык катары колдонуп, а жаныбар майын колдон келсе азыраак колдонгонунда экен.

 

Идеалдуу тамактануу: 70% кайнатылган дан өсүмдүктөрү, 15% кайнатылган жашылчалар, 5% чийки өсүмдүктөрдөн жасалган тамак, 5% эт жана балык азыктары, 5% сүт азыктары менен тамактануу керек.

Эт азыктары омурткаларды күчтөнтүп, тарамышты бекемдеп, сөөктөрдү чыңдайт, бирок эт азыктарын чеги менен колдонуу керек.

  • Таттуу же тескерисинче, ачуу тамактар да чеги менен болушу зарыл.
  • Эгерде кычкылды көп жесең, көк боордун иштеши бузулат.
  • Ачууну көп жесе, өпкө бузулат.
  • Курч даамдуу тамактар боордун ишин начарлатат.
  • Туздуу тамак жүрөккө зыян.
  • Таттуудан бөйрөк бузулат.

 

Өтө эле ачка болуу да жакшы эмес, себеби андан кийин ашыкча тамактанып алышыңыз мүмкүн. Ден соолукту сактагыңыз келсе, ачкалыкка жеткирбей тамактаныш керек, суусундукту да өтө чаңкай электе ичкен туура. Ачуу  суусундукту чаңкасаң да, чаңкабасаң да, кааласаң да такыр ичпей койгон эң туура.

Катуу ачка болгонго чейин жүрүп ашыкча тоюп алгандан көрө аз-аздан, бирок бат-бат тамактануу керек. Ашыкча тоюп алуу тамак сиңирүүнү кыйындатат. Адам баласы ар дайым бир аз ачка, бир аз ток сезимде жүргөнү оң.

Шарапка келе турган болсок, аны да чеги менен ичүү керек. Мас болгончо ичүү – өмүр бою коштоп жүрүүчү көп сандаган оорулардын пайда болушуна алып келет.

Эгерде тез-тез ашыкча тоюп алсаңыз, дене таштандыга толгон чакага окшойт. Катуу чаңкап туруп суусундукту көп ичип алса, денедеги суюктуктун айланышын бузуп, какырыктын топтолушуна алып келет.

Эртең менен тузу жок ботко, а кечинде тамакты аз жеген жакшы.

Эгерде тамакты өтө ысык ичсе – сөөктөр, өтө муздак ичсе – тарамыштар бузулат.

Ысык тамак эринди күйгүзбөгүдөй болушу керек, а муздак тамак тиштер үчүн жагымсыз болбошу керек. Ысык менен муздак тамакты аралаштырбаш керек – бул ден соолукка зыян.

Тамакты шашпай чайнап, тынч абалда отуруп ичиш керек, тамактануу учурунда сүйлөшкөн да жарабайт, бул далы менен көкүрөк туштун оорушуна алып келет.

Тамактануунун алдында алакан менен бетти жана ичти укалап, а тамактангандан кийин жөө баскан ден соолук үчүн пайдалуу.

Аида МУСАЕВА