Домой Коом Паспорт, күбөлүк, транспорт боюнча кеңеш берген атайын номерлер ишке кирди

Паспорт, күбөлүк, транспорт боюнча кеңеш берген атайын номерлер ишке кирди

13

Мамлекеттик каттоо кызматы элге консультация берүүчү кошумча телефон номерлерин жарыялады. 
Ага ылайык, жарандар (0312) 98 61 92, (0312) 98 61 41 номерлерине кайрылып, паспортторду жана каттоо дарегин каттатуу, ЗАГС, транспорт жана айдоочулук күбөлүк боюнча кеңеш ала алышат.

Мындан тышкары, жарандар шайлоочулар тизмесинен өздөрүн тактап, мамлекеттик номерлердин онлайн аукциону тууралуу биле алышат. Даттанып же сунуш калтырууга да болот.