Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгынан кийин эс-тутумун толугу менен жоготуп койгонун Инстаграм баракчасына жазды. Ырчы үлпөт тою да эсинде жок экенин айтат.
«Эмне себептен үй-бүлөбүздөгү ар бир адамдын сүрөтүн жүктөп жатканымды түшүндүрө кетейин. Эс-тутумум жоголуп, жакында эле баары өз ордуна келе баштады. Мен эс тутумумду толугу менен жоготтум. Жакынкы убакыттан тарта калыбына келе баштады. Бирок, кээ бир адамдарды азыр деле эстей албай жатам. Доктурлар убакыт керек дешти. Мен жада калса үлпөт тоюбузду эстей албадым. Инстаграм айрыкча, сүрөттөр эс тутумду жакшыртат экен. Жакындарымды жана досторумду унутуп калбоо үчүн сүрөттөрүн бат-баттан жүктөп турууну чечтим»,- деп жазган ырчы.
https://www.instagram.com/p/CFUBnLglULF/?utm_source=ig_embed