Оштогу Т-Медианын кабарчысы Самара Парпиева Ош шаарындагы №67 «Мөл-Булак» балдар бакчасынын мурдагы жетекчиси тарабынан коркутууларга кабылганын маалымдоодо. Журналисттин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, коркутуулар бала бакчадагы абал тууралуу программа эфирге чыгарылган 14-февралдан тарта уланып келе жатат.
«Менин үстүмөн «программаны эфирге чыгарбоо үчүн акча талап кылган» деп даттаныптыр. Бул жалган жалаа. Мен да 24-февралда шаардык ички иштер башкармалыгына Турсунай Касымованын үстүнөн мага жалган жалаа жаап, туура эмес маалымат менен арыз жазганы, журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылганы жана коркуткандыгы үчүн арыз жаздым», — деди журналист.
Т-Медиа телеканалынын «Жарандык көзөмөл » берүүсүнө №67 бала бакчанын абалы тууралуу программа чыккандан кийин, Ош шаардык мэриясы атайын комиссия түзгөн. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун «Азаттыкка» кабарлаганына караганда, учурда комиссия иликтеп жатат, иликтөө учурунда бала бакчанын жетекчиси кызматынан убактылуу четтетилген. Комиссиянын курамында аудиттер да бар. Иликтөөгө жараша жыйынтык чыгарылат.
«Азаттык» сөз болуп жаткан бала бакчанын башчысы Турсунай Касымова менен байланышып, бул окуя тууралуу анын да жүйөөсүн сурады. Касымова телефон аркылуу эч кандай пикир айтпасын билдирип, баш тартты.
Ош шаарындагы №67 бала бакча 540 орундуу.Булак: Азаттык