Энеге баланы жоготуудан өткөн тозок жок эмеспи. Биздин каарман да учурда ошондой тозок отуна түшүп турган маалы. Түп районунун Түп айылынын тургуну 24 жаштагы Муратбекова Мадина өзүнүн тун кызы Асинатты аталган райондогу аймактык ооруканасында төрөп, аны 15 күн гана көрүп, бооруна кысып, ак сүтүн эмизе албай арманда калды.
Мадина өткөн жылдын февралында боюнда бар экенин Москва шаарында жүргөндө билип, кубанычта болот. Дароо медициналык каттоого туруп, орус дарыгерлерине көрүнүп жүрөт. Ал бала курсакта 5 ай болгондо, мекенине кайтып келет. Келери менен Караколдогу “Глория” медициналык борборунда доплерге түшүп, бала жаткан суу таза экенин, жакшы чоңоюп жатканын билет. Андан соң көп кечикпей Түп райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна каттоого туруп, ай сайын баланын жана өзүнүн саламаттыгын текшертип турат.
23-декабрда анын толгоосу башталганда, Түп райондук ооруканасы кабыл алган эмес. “Азыр эрте” деп кайра кетирип жиберишкен. Жаш келин эртеси чыдабай калганда төрөт үйгө кайра келет. Ал 25-декабрда 3-күн толготуп, кыйналгандан кийин гана ийне саюу аркылуу төрөгөн.
“Мен толготкондо 3 күн бою кыйналдым, акырында куса баштадым. Толгоо келген менен дарыгерлер даяр эмессиң деп мага көңүл бөлбөй койду. Акыры баспай жөргөлөп калганда, ийне сайып, анан гана төрөтүштү. Бала төрөлгөндө кыйналып калган окшойт, алгач ыйлаган жок. Ал бир аз көгөрүп, териси кургак болуп калган экен. Дарыгерлер бала суу жутуп алган, бир-эки күн кислородго коөбуз деп, өзүнчө бөлмөгө алып кетишкен. Сүтүмдү саап берип турдум. Бала аны зонд менен ичип жатты. Эки күндөн кийин кызым сүттү шприц, анан стакан менен ичкенге жарап калды. Бала төрөлгөнүнө 4 күн болгондо, ага БЦЖ уколун жасайбыз, кармап бер деп мени чакырышты. Көрсө, жакшы айыга элек балдарга бул укол сайылбайт экен. Бала ошол күнү түнү бою ыйлап чыкты. Анын үнү мага чейин угулуп турду. Эртең менен барсам, баланын үнү кырылдап чыгып калыптыр. Ошондон баштап анын абалы оорлой берди” — дейт эне көз жаш төгүп.
Мадина алгач балага кирип, анын кийимин которууга жардам берип келсе, кийин дарыгерлер аны ал бөлмөгө такыр киргизбей дагы калганын айтат. Эне дарыгерлер баланын бутун күйгүзүп алган окшойт деген ойдо. Мадина: “Бала жаткан комната өтө эле салкын болчу. Мен киргенде, баланын бутуна сасык бир нерсе сыйпап жатканын көрчүмүн. Кийин Караколдогу ооруканадан ошого окшош идишти көрүп, анын жытынан, кебетесинен камфорный спирт экенин билдим. Бир жолу кирсем, Гүлжан деген медкызматкер кызыма сүт берип жатыптыр. Баламдын бутун бир кат жалаякка ороп, жылыткычка коюп коюптур. Анын бутуна спирт сыйпаса, анан да, жылыткычка такап койсо, ошондо буту күйүп калса керек. Себеби, кийин бизди Караколго алып барганда, медайымдар анын бутун көрүп эле күйүккө абдан окшоп жатканын айтышкан,” — деп сыздайт. “Ошол жерде бизди кабыл алып жатканда көрдүм, баламдын буту тизесинен ылдый кара кочкул болуп калганын. Башында андай эмес болчу”,- дейт жаш эне.
Караколдогу дарыгерлер канча аракет кылганына карабай ымыркай ал жерде 9 күн жашап чарчап калат. Ата-эне бул боюнча Түптүн дарыгерлерин күнөөлөп, алардын кайдыгерлигинен каза болду деп ички иштер органдарына кайрылышат. Түп райондук ички иштер бөлүмү ишти иликтеп баштап, медициналык экспертизага анын өлүмүнүн себебин аныктап берүүнү өтүнүшөт.
Ысык-Көл облустук сот-медициналык бюросу бала инфекция менен төрөлүп, анын күчөп кетишинен каза болгону жөнүдө тыянак чыгарган. Аталган бюронун судмедэксперти Темирбек Токтомамбетовго облустук ооруканасынын моргунда жолуктук. Ал бизде: “Мен ымыркай кызды изилдегенде, анын жатында жатканда эле инфекцияга кабылганы аныкталып, төрөлгөндөн кийин инфекция күчөшүнүн негизинде бардык денесинде тромбдор пайда болгону байкалды”,-деп билдирди. Ал ымыркайдын буту күйгөнүн четке кагууда.
Судмедэксперттин тыянагын укканан кийин биз Түп райондук үй-бүлөлүк медициналык борбордун акушер-гинекологу Муңдук Деркембаевага жолуктук. Ал Мадина анализдерди өз учурунда тапшырып, дарыгерлерге көрүнүп жүргөнүн, анализдер Москвада, Караколдо, Түптө жасалганын, анын баары таза чыкканын айтып, Мадина тапшырган анализдин жыйынтыктарын көрсөттү. 41 жылдык тажрыйбасы бар бул айымдан БЦЖ уколун саюу тууралу сураганыбызда, ал дени сак балдарга гана сайылышы керектигин айтты. Биз Караколдо бул ишке тиешеси жок бир эмес, бир нече педиатрдан сураштырып, камфорный спирт ымыркай балага сүйкөлбөшү керектигине ынандык. Алар бардыгы бир ооздон БЦЖ дени сак гана балага сайылышы керек дешти. Алардан эне толгоо учурунда кусканы жөнүндө сураганыбызда, бул кан басымы көтөрүлгөндөн болушу мүмкүн, андай учурда энеге жардам берүү керек деп айтышты. Журналисттик иликтөөдө Мадинанын баласынын чарчашы эне цистит болгондон деген дагы көз караштар пайда болду. Бирок, дарыгерлер 19 жумадан соң эненин цистит болуусу балага эч кандай таасирин бере албасын айтышат.
Түп райондук аймактык ооруканасына барып, бул окуя жөнүндө билели деген аракеттен тыянак чыккан жок. Аталган оорукананын башкы дарыгери Бермет Асанбекова бизге жооп берүүдөн баш тартты. Ал бул иш борборго экспертизага кеткенин, анын жыйынтыгы келмейинче эч нерсе билдире албасын айтты. Биз бул окуяда негизги күнөөлүү катары эсептелип, баланын ден соолугун өз мойнуна алган дарыгер Назгүл Рысбаеваны да таба албадык. Ал оорусуна байланыштуу жумушка чыкпай, андан ары айлыгы төлөнбөгөн отпускага чыгып алганын уктук. Анын тааныштары аркылуу болгон окуяны болгондой айтып берүүсүн суранган өтүнүчүбүз да кабыл алынбады.
Ал эми, Караколдогу облустук ооруканын дарыгери Назгүл Карабаева бала ооруканага келгенде өтө оор абалда келгенин айтып, жүрөгүнүн согушу 186, өпкөсүнүн кагышы 104, кислороду нормадан өтө төмөн болгон дейт. Ал бизге ымыркайдын буту кочкул кызыл түстө болгонун жана эч нерсе сезбегенин билдирди.
Бул иште ата-эне райондук Ишки иштер бөлүмүндө прокуратура аркылуу алмашылып, иш алып барган тергөөчү Теңизбай Асановдун ишине нааразы болуп, анын ишти иликтөөсүнөн баш тартышкан. Биз ал тергөөчү менен кезигип, андан медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен иликтөө иши токтогону жөнүндө уктук. Ал эми, райондук прокуратурага барып, тергөөчүнү алмаштырган Имер Адылбековго жолукканыбызда, ал биздин суроолорго жооп берүүдөн баш тартып, ошол күнү жетекчиси жок экенин айткан. Кийин биз Түп районунун прокурору Эркингүл Урдөлөтова менен кезигип, тергөөчүнүн тажрыйбасына жараша алмаштырылганын уктук. Жаш ата-эне бул иш боюнча экспертизанын жыйынтыгына макул эместигин билдирип, райондук прокуратурага кайрылганда, алардын арызын кабыл албай койгон. Бул жөнүндө Имер Адылбеков “арыздын түзүлүшүн тууралап кел” деп кайра жибергенбиз деп жооп берди.
Айтор, бул иште бир канча күдүк ойлор жаралат. Ата-эненин айтуусунда, Түп райондук дарыгерлери жаш ата-энеге акча да сунушташкан. Алар телевидение аркылуу гонорея жок экенин айтып берели деп да макулдашкан. Себеби, түптүк дарыгерлер Мадинаны гонорея менен ооруган, ошондуктан, бала инфекция менен төрөлгөн деген диагноз да чыгарып жиберишет. Аны уккан эне ооруканада жаткан жеринен Караколдогу “Здоровье” медициналык борборуна барып, анализ тапшырып, таза чыккан. Кызыгы, ал алгач төрөгөнү Түп төрөт үйүнө келгенде тапшырган анализ таза болуп, ортодо 1-декабрда, эне Караколго кетип бара жатканда Түптөн алган анализде гонорея илдети аныкталган. Андан соң Караколдогу анализ кайра таза чыгып олтурат. Ошол күндөрдүн баарында жаш келин ооруканада болгон.
Ошентип, учурда кайрадан текшерүүгө, республикалык экспертиза кайрадан жөнөтүлүп, жыйынтыгын баары тең күтүп жатышат. “Эгер ал биздин пайдага чечилбесе, баланы эксгумация жасатабыз. Анткени, биздин бала жакшынакай төрөлгөн. Анын буту күйгөнү анык” — дейт жаш ата Чыңгыз Акун уулу.
Бул иште бир канча суроолор жоопсуз калууда. Түптүн дарыгерлери келин толготуп келгенде, эмнеге кайра үйүнө кетирип жиберишкен? Жаңы эле кислороддон алынган алсыз балага эмнеге БЦЖ уколун сайышкан? Камфорный спиртти эмне үчүн колдонушкан? Баланын буту чын эле күйсө, судмедэксперт эмнеге аны жашырат? Түп ооруканасы эмнеге журналисттер менен байланышка баргандан баш тартышууда? Ортодо гонорея дарты кайдан пайда болду? Дарыгерлер телевидение аркылуу ата-эне жазган текст менен сүйлөп беребиз деп эмнеге айтты? Чарчаган ымыркай инфекция менен төрөлгөнү чынбы? Ушул сыяктуу бүтпөгөн суроолорду бере берсек, уланып кете берер узарып. Ал эми, биз жакында көпчүлүк күткөн жыйынтык келсе, бул ишке кайрадан кайрылабыз. Себеби, каза болгон ымыркайдын атасы Чыңгыз Акун уулу билдиргендей, үй-бүлөнүн бир туугандары жана достору төрөт үйүнүн жетекчилигин жана кайдыгер мамиле менен ымыркайдын өлүмүнө күнөөлүү болгон кызматкерлерди жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.
Эскерте кетсек, Түп районунда 2015-жылы 1321 кош бойлуу катталган. Анын 1247си Түп ооруканасына каттоого турган менен, 500ү гана Түп райондук ооруканасынын төрөт үйүндө көз жарган. Былтыркы жылы жанагы биз айткан 1321 баланын 13ү чарчап калган.
Бул иликтөө “Багыт” гезити жана IWPRдын Журналисттик иликтөөлөр бюросу менен биргеликте даярдалды.
Жумагүл БАРКТАБАСОВА