Домой Криминал Он үч жаштагы кыргыз кыз орусиядан тоңуп өлдү…

Он үч жаштагы кыргыз кыз орусиядан тоңуп өлдү…

211

Айганыш Канат кызыМындан 15-20 жыл мурун эле 13 жаштагы балдарыбыз капарсыз балалыктын доорун сүрүп келген болсо, учурда балакатка жете элек уул-кыздарыбыз эртелеп турмуш жүгүн моюнга артып, бир үй-бүлөнү багууга мажбур. Екатеринбургга апасынын 20 миң сом насыясын төлөш үчүн кеткен 13 жашар Айганыш Канат кызы кечинде дүкөнгө чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. 3 айдан кийин өспүрүмдүн сөөгү автобекеттен табылды. Айганыштын суукка тоңуп өлгөндүгү айтылууда. Секелек кыздын энеси Анара Молдобазарова боор этинен чыккан баласын айласыздан акча табууга жибергенин айтып, актанган.