Домой Коом Пиво сүйүүчүлөргө кулак кагыш

Пиво сүйүүчүлөргө кулак кагыш

460

Аптаптуу жайдын келиши менен пиво сүйүүчүлөрдүн доору башталат эмеспи. Бирок, бул ичимдик суусунду кандырганы менен пайдасынан зыяны көбүрөөк экенин дарыгерлер эбак далилдешкен. Жакында мына ушул “Живое пиво” жана “Наше пиво” алкоголдук суусундуктарында жардыруучу заттарды чыгарууда колдонулуучу “пикрин кислотасы” химикаты кошулуп чыгып жатканы, мунун айынан 26 адам некротикалык фасциит (тери жарасы) оорусуна кабылганы тууралуу сөздөр чыкты. Демек, ден соолугун ойлогон адам пивонун ордуна өзүбүздүн бозону ичкени оң го. Белгилүү болгондой, бул сыралар «Ак Жолдун» мурунку депутаты Совет Сакебаевдин «Абдыш-Ата» компаниясынан чыгат.