Домой Ден-соолук Нурмери Гаджал, дерматокосметолог: «Газдалган суусундуктар, майлуу тамактар дагы чачка зыянын...

Нурмери Гаджал, дерматокосметолог: «Газдалган суусундуктар, майлуу тамактар дагы чачка зыянын тийгизет»

331

Акыркы убакта чачтын түшүүсү да чоӊ көйгөйлөрдүн бири болуп калды. Чачка пайдалуу маскаларды колдонуу, чачка кантип туура кам көрүү керек экендиги туурасында КосМед клиникасынын дерматокосметологу Нурмери Туратбековна кенен айтып берди.

—Нурмери Туратбековна, маегибизди алгач, чачтын түшүүсүнөн баштасак. Эмнеден улам чач түшөт?
—Чачтын түшүүсүнүн себептери көп, эң биринчи ички органдардын туура эмес иштөөсүнөн, андан кийин стресс, витамин жетишпеген учурда, өтө чарчоодо жана уйкусуздуктан түшөт. Ал эми айрым учурда туура эмес дарыларды ичүүдөн же чачка туура эмес кам көрүүдөн да болот. Эң башкысы, эмнеден улам түшүп жаткан себебин аныктоо керек.

—Аны алдын алууга болобу?
—Албетте болот. Эң жөнөкөй нерселер бул көп нерв болбоо, стресске кабылбоо же туура тамактануу. Андан тышкары чачка терс таасирин тийгизүүчү фен, плойка, түздөөчү куралдарды азыраак колдонууга аракет кылыш керек. Андан тышкары жумасына бир жолу маска, массаж жасап туруу дагы чачка оң таасирин тийгизет.

—Чач түшпөш үчүн кандай маскаларды колдонуп, кандай шампунь тандашыбыз зарыл?
—Азыр замандын талабына ылайык дүкөндөрдө атайын чачтын бардык түрүнө арналган маскалар бар. Эң башкысы, чачыңыздын жана териңиздин тибине жараша маска, шампунь жана башка кам көрүүчү каражаттарды колдонуңуз. Ал эми үй шартында жасалуучу маскалар чачка өтө пайдалуу.

—Сиздердин клиникада чачы кескин түшүп кеткендерди дарылап, чач өстүрүп жүрөсүздөр. Ал процедура жөнүндө кененирээк айта кетсеңиз?
—Чачтын түшүшүн алдын алуучу жана түшкөндөн кийин дарылоочу плазмотерапия процедурасы бар. Бул процедура бейтаптын тамырынан кан алынып, андан соң атайын аппараттын жардамы менен кан тазаланып, плазма өзүнчө бөлүнүп алынат. Андан кийин шприцтин жардамы менен баш терисине плазма сайылат. Плазма баш терисин витаминдештирип, чачтын түбүн бекемдейт жана анын тез өсүүсүнө өбөлгө болот.

Плазмотерапия жасоо үчүн көрсөтмө (показания):
— Алсыз, сына берген чачтар;
— Какачтап кетүү (себорея);
— Чачтын түшүүсү (очаговая, диффузная, андрогенная алопеция);
— Жансыз чачтар.

Процедурадан кийинки эффект:
— Чачтын түшүүсү азаят, толук курс алууда биротоло токтойт;
— Чачты бекемдейт;
— Май бездери нормалдашат;
— Баш терисинин кургашын алдын алып, какач болуудан арылтат;
— Чач жумшарат жана жооноёт;
— Чач жылмакай болот.

—Процедура канча убакытка созулат?
—Бул процедура бир саатка чейин созулат.
—Бааларын айтпай кетсек болбойт го…
—Бир процедура 3000 сом. Эгер толук курс ала турган болсо анда сөзсүз арзандатуулар болот.
—Чачка кантип туура кам көрүү керек?
—Албетте, жогоруда айткандай баш теринин жана чачтын тибине жараша кам көрүүчү каражаттарды колдонуу керек. Ашыкча боёо жана башка ушул сыяктуу терс таасирин тийгизүүчү процедураларды азайтуу керек. Андан тышкары эң башкысы туура тамактануу, мисалы газдалган суусундуктар, майлуу тамактар дагы чачка зыянын тийгизет.
—Сиздердин клиникада чачка дагы кандай процедуралар жасалат?
—Биздин клиникада чачка витаминдештирүүчү озонотерапия, чыңдоо үчүн криотерапия, түшүүнүн алдын алып, нымдалыштыруу үчүн мезотерапия сыяктуу көптөгөн процедуралар бар.
—Сиздерге канча жаштан баштап көбүрөөк кайрылышат?
—Негизинен 5 жыл мурун 40 жаштан жогоркулар кайрылса, бүгүнкү күндө 30дан ашкандардын кайрылуулары көп. Бирок 30га чыга элек дагы жарандар кайрылышат. Көп адамдар чач жаңыдан түшүп баштаганда эмес, топ тобу менен түшүп, өтүшүп кеткенде гана кайрылышат. Албетте дарылоо, кайра калыбына келтирүү оор. Бирок ошентсе дагы көп аракеттин натыйжасында процедуралардын жыйынтыгын көргөндөр аз эмес. Менин кеңешим, чачка олуттуу мамиле жасап, туура кам көрүп, эгер түшүп баштаса дароо адистерге кайрылууну сунуштайм.

Түшүүгө каршы маскалар
• Алоэнин жалбырактарын үзүп 10 күн муздаткычта сактап коёбуз. Кийин жалбырактарды майдалап ширесин сыгып алабыз да, ошол менен чачтын терисин сүртөбүз. Муну чачты жуурдун алдында 1 күн мурун жасаган оң.
• 1 аш кашык алоэнин ширесине кастор майын жана 1 чай кашык бал кошуп маска даярдайбыз.Баштын терисине жана чачтын бардык узундугуна сүртүп 1 сааттан кийин жууп салабыз.

Чыңдоочу маскалар
• Кастор жана зайтун (олив) майын бирдей өлчөмдө чачыңыздын узундугуна жараша аласыз да, ага 1 жумуртканын сарысын кошуп аралаштырган соӊ даяр масканы чачка тегиз сүйкөп 1 сааттан кийин жууп салабыз.
• Кефир, жумуртканын сарысын, миндаль майын балды бирдей өлчөмдө идишке аралаштырып, чачка 1 саатка коёбуз. Кийин жууганда шампунь колдонбоо керек.

P.S. Эгерде косметологиялык же пластикалык хирургиянын кызматын пайдалангыңыз келсе бул телефон номерине чалып маалымат алсаңыз болот: 500-211-882
Инстаграмдагы баракчасы:
@kosmedbishkek

Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

Булак: Багыт гезити