Домой Ден-соолук Аялзатынын жашын улуу көрсөтүүчү кемчиликтер

Аялзатынын жашын улуу көрсөтүүчү кемчиликтер

534

Жаш кыз

Убакыт зымырык куш, бирок адам канчага чыкпасын дайыма жаш жана сулуу көрүнгүсү келет. Айрыкча айымдар өзүнүн жашынан он жашка кичүү көрүнгүсү келет.

Бирок, биз убакытты башкара албайбыз, ошентсе да жашыбызды бир аз жашырып, жашарууга дайым аракеттенүүнүн үстүндө болобуз. Карысак дагы, карылыкты көрсөтпөй беттеги бырыштардан арылуунун амалын ойлойбуз. Бирок, беттеги бырыштарды кетирүү менен гана жаш өзгөчөлүктү жашырууга болбойт. Көбүнчө андай ойлор жаш өйдөлөгөн сайын аялзатынын акылынан ала баштайт. Кай бирлери жаш көрүнгүсү келип ар кандай маскаларды, процедураларды жасаганы менен күнүмдүк макияж маселесинде кээ бир нерселерди эске албай калышат. Ошентип, ал жаш эмей эле жашына дагы он жаш кантип кошуп алганын өзү да билбей калат. Кээ бир каталарды кетирбей, жаш жана сулуу көрүнгүңүз келсе, төмөнкү каталарды кетирбегенге аракет кылыңыз.

 

Ашыкча салмак

Жаш чакта кийген көйнөктөрдү кийе албай, алар батпай ашыкча салмак көп болуп кетсе, анда тезинен арыктоону ойлонуңуз. Себеби, кайсы гана курак болбосун ашыкча салмак менен 5-10 жаш улуу көрүнүшөт. Эгер сиз арыкчырай болсоңуз, сөзсүз түрдө жаш көрүнөсүз. Бирок, салмакты карай бербей бетке да көңүл бура жүргөнүңүз оң.

 

Ачык боёктор

Көпчүлүк аялзаты ашыкча ачык түстөгү макияж менен жаш көрүнөм деп ойлошот. Негизи күнүмдүк туура макияжда же көзгө, же эринге басым жасаган оӊ, эгер көзгө да, эринге да боёкту беш тонна коюп алса жаш, сулуу көрүнбөй эле жеңил ойлуу жана картаң көрүнүп калышат. Ошондуктан, жеңил макияж коюуну ар бир аялзаты эске алганы жакшы.

 

Узун чач

Сулуулук даанышмандары болгон француздар аялзатынын жашы канчалык өйдө болсо, анын чачы ошончолук кыска болуусу керек экендигин айтып келишет. Албетте, узун чачтуу улгайган аялзаты чачын төбөсүнө түйөт, андан башка жасалгалай албайт. Ал эми чачы кыска аялдардан бир топ жашка улуу көрүнүп калышаарын стилисттер айтышат. Албетте, бул кыргыздарга тиешелүү эмес көрүнүш, ошентсе да бизде деле сулуулукту жогору койгон айымдар үчүн бул кеңеш керек болот деген максатта жаздык.

 

Күнгө катуу күйүү

Күнгө катуу күйүү да бир топ жаш кошуп коёт. Мурун күнгө күйүү модада болуп келсе азыр андай эмес. Себеби күнгө күйгөн учурда бетке бир топ бырыштар кошулат. Ошондуктан күнгө туура күйгөндү үйрөнүңүз.

 

Кол жана моюндагы бырыштар

Биз көп учурда жашаргыбыз келгенде биринчи беттен баштайбыз. Туура, адамдар биринчи бетке карашат. Бирок, бетте бырыш жок сулуу жана жаш болуп көрүнгөн менен моюн жана колдогу бырыштар сатып коюушу мүмкүн. Ошондуктан моюнга да, колго да көбүрөөк көңүл бура жүргөн туура.

 

Кийим

Улгайган аялзаты кыска юбка же кыска шым кийип алса албетте өөн учурайт. Ошондуктан жаш куракка жараша классикалык стилде кийинүү менен бир топ жаш көрүнүүгө болот.

Самара Саламатова