Домой Маданият …БАПЕСТЕП ЗАЛКАР ТАЛАНТТЫ, АРЗЫГАН ЖАРЫ КИМ ЭЛЕ?

…БАПЕСТЕП ЗАЛКАР ТАЛАНТТЫ, АРЗЫГАН ЖАРЫ КИМ ЭЛЕ?

253

Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата

 

Ар бир элдеги залкар таланттардын жан дүйнөсүн, бийик деңгээлдеги ой-чабыттарын сезе билген эң жакын адамдары болуп, ал ошол таланттын андан ары өсүшүнө оң же терс таасирин тийгизээри мыйзам ченемдуү көрүнүш эмеспи. Рыспай Абдыкадыровду сөз кылганыбызда, сөзсүз анын өмүрлүк жары,маркум Давлет Сманованын ажардуу да, мээрим чачкан сүйкүмдүү да элеси көз алдыбызга тартылып, залкардын чыгармачылык татаал жолундагы азаптуу жыргалдарына жан шерик болуп, өмүрүн ага арнап койгондой сезилет…
Бул жагынан ал, Рыспайдын тагдырына жаралгандай, аны менен жашаган өмүрүндө, ысык суукту кармап,өчүрүп да жибербей, колу күйгөнүнө да чыдаган, чыныгы жары катары өрнөк болоорлук өмүр сүрүп келди. Мунун акыбети жүздөгөн улуу чыгармаларынын жаралышына себепкер болду.
Бул жөнүндө Рыспайдын өзүнүн да айткан жери бар:
“Мына, көрүп-угуп эле жүрөсүңөр. Гезит, журналдарды окуп, телевизордон да көрөсүңөр.Сүрөтчүлөрдүн, акын, жазуучулардын,композиторлордун жеке тагдыры жөнүндө көп жазылып да келе жатат.Чыгармачыл адамдардын жары болуу, сыртынан жакшы көрүнүшү мүмкүн, булардын турмушу өйдө-ылдый оор азаптуу турмуш, бир сезген адамга кичине болобу,чоң болобу, ар бир жараткан чыгармаларыңдын өзүнө да ошолордун элеси көрүнүп, күлсөң күлкү, ыйласаң ыйың кошо угулуп турат. Ички мүнөзүңдүн чатак жактарын да биринчи болуп жубайыңа көрсөтөсүң да.Чыгармачыл адамдын таалайы да, шору да ошолор”.
* * *
Жалал-Абад универстетинде, клуб ачылганда, Давлет Сманова да аябай ыраазы болуп , ар бир өткөн иш-чараларга такай катышып, кеп-кеңештерин айтып, музейге керектүү материалдарды, ырлардын оргиналдарын берип жүрдү. Анын клубга ар бир келиши биз үчүн майрамдай сезилчү.
Облустук телерадио компаниясы менен биргеликте өткөрүлгөн эскерүү кечелерге, конкурстарга катышканда, алардын баардыгына ыраазычылыгын билдирип, жалгызсыраган жүрөгү сыздап турса да, өзүн кармай билип, ага көрсөтүлгөн сый-урматка чыныгы татыктуу адам экенин көрсөтүп жүрдү.
… Мына эми ушинтип арабызда жүргөн Давлет Сманова бүгүн жок.
Рыспайдын керемет обондору жан дүйнөнү ээлеп алган, эт-жүрөгүн эзген сагыныч менен кусалыкка чыдабай, түгөйүнүн артынан шашылган бойдон жүгүрүп кеткендей сезиле берет биз үчүн…
Эгер барсаңыз, кайрадан кол кармашып, экинчи өмүрүнө таштап кеткен бул жерде обологон обондорунун мукамдуу ырларына кошо термелип,силерге суктана карагандарга мээримиңизди төгүп жүргөндүрсүз.
Баягыда элиңизге айткан ыраазычылыгыңыз дале болсо бүгүнкү күндөй эсибизде:
—Ушул сахнада, мындан төрт жыл мурун клуб ачылганда,биз Рыспай экөөбүз жадырап- жайнап, бул өмүрүбүздө мынчалык кубанычка бөлүнбөгөн сахна эле. Рыспай өзү да тирүүсүндө көп айтат эле: “Мен өмүрүмдө мынчалык сүйүнгөн эмес эле. Буга чейин өкмөттүн сыйлыгын алдым. Элдин сыйын көрдүм,бирок мен бүгүн башкача болуп , мынчалык эч качан кубанган эмесмин”- деп клубдун мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирген эле. Эми тагдырдын буйругун эч ким буза албайт экен. Рыспай өзү да айтат эле:
“-Туулдуңбу?-өлдүм дегениӊ ошол”-деп. Туулмактын өлмөгү бар экен. Рыспайдан улуу таланттар да кетишкен. Эгерде Рыспайдын кичинекей чыгармасы болбосо, элине ушунчалык жылуу сезим калтырбаса, баардыгы мына минтип кыштын кыраан чилдесинде чогулуп отурушпайт эле. Рыспайдын эгерде арбагы бар экендиги чын болсо,күндө болбосо да, күн алыс университетке бир келип клубуна кайрылып кетер. Ушул клубдун мүчөлөрүнө: жетекчиси Сабыржанга, Султанга, ректоратка, ректоруңуздардын өзүнө да рахмат айтам. Өзүнчө бир бөлмө ажыратып, клубга шарт түзүп бердиңиздер. Билем, азыр бир бөлмө деле кыйын. Сабак өткөнгө деле керектир. Ошого карабай клуб иштесин деп жардам бергениңиздерге рахмат! Облустук телевидениеге, сиздерге да рахмат! Качан болсо Рыспайдын кызматында болдуңуздар. Суусарбек сага да рахмат! Кыскасы рахмат баардыгыңыздарга…

1998-жыл,
11-январь Жалал-Абад.

* * *
Эми ушул Рыспай жашабай кеткен элүү беш жаш, армандуу жаш. Аны билбейбиз деп күнү- түнү чуркаган “Дастан” телекомпаниясынын жамаатына, Рыспайдын экинчи өмүрүн улайбыз деп тилек кылып, алдыларына максат коюп алган анын клубуна; Асылгүл Барктабасовна баш болгон Жалал-Абад шаарынын акимчилигине жана жалпы эле ушуларга жардам берип жаткан демөөрчүлөргө; анан эң негизгиси, Рыспайдын жетим калган ырларын көкүлүнөн сылап, эки күндөн бери кайрадан жан киргизип ырдап жаткан таланттууларга; сиздерге, катышуучуларга, Рыспайдын туугандарынын атынан, өзүмдүн атыман башымды ийип, таазим кылам.
Ушунчалык сезимтал жүрөгү бар кыргыз эли турганда, Рыспай эч качан унуталбай, өлбөс- өчбөс экенине мен, дагы бир ишендим, ынандым.
Эл-журтубуз тынч,аман болуп, маанайлары жарык болсун.Баардыгыңыздар бактылуу болуңуздар.Сиздер аман болсоңуздар Рыспай да кылымдар бою жашай беришине мен ишенем. Ошондой эле,мен бүгүнтөн баштап Рыспайды жок деп айтууга акым жок экендигин дагы көрүп турам. Аны мага аз дагы болсо кайтарып бердиңиздер.Мен өзүмдү кайрадан бактылуу сезип калдым.

1996-жыл, 26-сентябрь, Жалал-Абад.

Рыспай минтип айтар эле: “менин кучагым кыскалык кылат, эгер кучагыма батса мен элимди, кучактап жатып, кучактап тураар элем” десе, ии деп мен аны байкабаптырмын. Көрсө анын тирүүлүгү бактысы ушул элинде турбайбы. Ушул эли Рыспай жашабай кеткен “элүү беш” жылдык армандуу жашын белгилөө үчүн күнү-түнү өмүрүн улайбыз деп чуркаган «Дастан» эркин телекомпаниясына, Рыспайдын экинчи деп алдына тилек коюп алган Рыспай клубунун жамаатына, Асылгүл Барыктасовна баш болгон областтын жетекчилерине, ушуларды колдогон демөөрчүлөргө, сүрөөнчүлөргө жана эң негизгиси, Рыспайдын жетим калган ырларынын көкүлүн сылап, эки күндөн бери кайрадан жан киргизип, ырдап жаткан таланттууларга, жалпы эле ушул кароо-конкурска келип олтурган бардык элдерге Рыспайдын атынан, өзүмдүн атыман башымды ийип таазим кылып, рахматымды айтам.
Мына ушундай сезимтал кыргыз элим барында Рыспайдын өлбөс өчбөс экендигине мен бүгүн дагы бир ирет ишендим, ынандым.
Ошондуктан кыргыз элим аман болсун, Силер аман болсоңор Рыспайдын ырлары кылымдан-кылымга жашай берерине мен ишенем. Ошондой эле, мен бүгүндөн баштап Рыспайды жок деп айтышка дагы акым жок экенин көрүп олтурам. Рыспайды аз гана болсо дагы мага кайрадан кайтарып бердиңер. Мен бүгүн өзүмдү кайрадан бактылуу сезип калдым.

Турсунбай Маматов,
обончу, 1996-жыл.
«Издейм сени»
телефестивалынын
баш байгесинин ээси:
—Мен Рыспайчы болуп аталып канча жыл сахнада жана жүздөгөн элдин алдында Рыспайдын чыгармаларын ырдап жургөн мезгилдерде 1996-жылы мен үчүн дагы кубанычтуу күн баштан өттү. Ошол жылдарда Жалал-Абад областында «Дастан» көз карандысыз телеканалы бар эле, бул каналды башкарган жигит Мустафа Тиленчиев, ал эми башкы редактору Абдимажит Жоробаев болчу.Анан ошол Жоробаев Абдимажит болуп Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгы боюнча теле сынак өткөрүүнүн жобосун иштеп, Рыспай акенин эн жакшы ырларынын бири «ИЗДЕЙМ СЕНИ» аталышындагы теле сынак, Рыспай клубу, анын жетекчиси Султан Борошов баш болуп жана “ДАСТАН” телеканалы биргеликте эки күнгө созулган кароо-сынак өткөрүлдү. Бул кароо сынакка түштүк региону жана коңшу өзбекстандан да келишип катышышты. Жыйынтыгында биринчи, экинчи, үчүнчү орундар жана да конкурстан сырткары Рыспайга арналып аткарылган чыгармаларга дагы орундар берилип өтө чоң денгээлде өткөрүлдү.
Акырында баш байгени кимге ыйгарабыз деген чечимге келишкенде, калыстар тобу жана Рыспайдын өмүрлөш жубайы Давлет айым Турсунбай Маматовго берели, себеби дегенде Рыспайдын ырларын кайрыктары өзүндөй келтирип ойнойт экен деп, анын сунушу менен баш байгени мага ыйгарышты. Буга менин кубанганыман, сүйүнүчтөн көздөн аккан жашты азыр, сөз менен айтып бере албаймын.
Анда мен уулу залкардын атындагы сыйлыкты утуп алуу мен үчүн күтүүсүз болгон эле…
Ошондо Давлет эже эле кайрылып сүйлөп, ыраазычылыгын билдирип, сүйүнгөнүнөнбү, күйүнгөнүнөнбү, кызын ээрчитип, Ошко ыйлаган бойдон кеткен эле…
* * *
…Бүгүн силерди жоктогон клубдун мүчөлөрүнүн да артыңызда калган калдайган калың элиңизди да бийик духуңар колдоп, бизге силердин жаркын элесиңер дайыма данакер болуп турат. Музыка дүйнөсүндө жашаган кош түгөйлөрдүн турмушу менен, мазмундуу өткөн өрнөктүү өмүрү бейопа өтпөптүр…

…Мен жогорудагы сөздөрдү майда-чүйдөсүнө чейин жазып олтурганымдын себеби, биз пенделер тагдыр буйруган беш күндүк өмүрдө, чыныгы улуу адамдарга сый-урмат көрсөтө билүүдө, биздин элибизге таандык болгон, жан дилиң менен берилип, керек болсо бүтүндөй тагдырың арнап, ага ак кызмат кылуу касиети жогору экендигин айткым келди…
* * *
Жогорудагы жазылган сөздөр менен гана көз карашымды окурмандарга таңуулагандай болбоюн.Ал үчүн Давлет эженин көзү тирүүсүндөгү аңгемелешүүсүн берүүнү туура көрдүм:

Карамат Токтобаева,
журналист, Чехия

* * *
…2001-жылы Давлет эже менен бир топ эле жакын болуп кеттик. Бул жылдын январь айынан тартып Рыспай акенин 60 жылдыгына карата кызыктуу делген бир топ иш-чаралар өтүп жатты алгач Бишкек филармониясын дагы концерт аншлаг менен өттү, андан кийин ырлар жыйнагы чыкты. 130дан ашык ыры топтолгон ушул китептин чыгып калганы эле чоң олжо болду Рыспай Абдыкадыров атындагы фонд түзүлүп, жетекчилигине Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орунбасары Сооронбай Жээнбеков шайланды. Марафон өттү, анын ырларын ырдагандарга, ал жөнүндө ар кандай жанрда чыгарма жараткандарга конкурс уюштурулду. Негедир сырттан шайдоот көргөнү менен, баары бир көздөрүндө жаш турду Давлет эженин. Ошол жылыы кышкы келишинде “Волгасын” айдатып алып, Рыспай акенин тааныш, досторунун үйүн бүт кылдырганбыз. «Бу диванда жатчу, тигил креслодо отурчу, минтип отуруп алып аккордеон ойночу. Ошол күндөрдү сагындым чынына”- дейт. Кийин ошол тааныштарыныкына кайрылган деле жок. Көрсө шылтоолоп Рыспайдын изи калган, жыты сиңген жерлер менен акыркы ирет коштошуп алайын деген экен.

(Уландысы кийинки санда)

Султан Борошев,
Рыспай клубунун негиздөөчүсү жана жетекчиси,
ЖАМУнун улук окутуучусу.

Булак: Багыт гезити