Арипов Назарали Турдуалиевич Казакстандын Алматы шаарына Башкы консулдук кызматка дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров 8-майда кол койду.
Арипов Баткен облусу, Лейлек району, Кара-Булак айылында 1970-жылдын 28-апрелинде туулган.
Үч балалуу.
Билими:
Ош технологиялык университети, жол кыймылын башкаруу бөлүмү, адистиги – жол инженери.
Эмгек жолу:
1990 – Волга автомобиль заводунда транспортер.
1994-1997 – “Эрдик” жеке ишканасынын директору.
1997-2001 – Жеке ишкер.
2001-2003 – “Прагма Инк.” ЖЧКнын директору.
2003-2009 – Гефест ЖЧКсынын директору.
2007 – Ош шаардык Кеңешинин депутаты.
2009-2010 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ош шаары боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыгынын директору.
2010-жылдын 10-ноябрында – ушул кезге чейин V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (“Республика” фракциясы).
Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү.
2012-жылдын февраль айы – азыркы учурга чейин – Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин мүчөсү.
2016-жылдын июнь айынан 2020-жылдын август айына чейин БШКга мүчө болуп иштеген.









