Адамзаттын тагдыры илгертеден космоэнергетикалык кубулуштар жана Нумерологиялык түшүнүктөр менен коштолуп келет. Бул эмне? Бизге белгисиз табияттын сырыбы же адамдын тагдыры мына ушул түшүнүктөр менен тыгыз байланыштуубу. Бир жактуу жооп алуу кыйын. Бирок, бу дүйнөдө кокустук жок, баары мыйзам ченемдүү. Баары тагдырдын бешенеге жазылган чындыгы. Нумерологияны — адамдын өзүнө- өзү үңүлүп билүүнүн, анын айланасындагы касиеттүү кубулуштарды андоонун өзгөчө илими катары эсептесе болот.
Көпчүлүк убакта адамдын жашоосундагы бул параллелдүү жашоонун эч кандай реалдуу жашоого тийешеси жоктой сезилет. Бирок, бул дүйнөдөгү болуп жаткан бардык кубулуштар,мейли ал табиятка, мейли ал кырсыкка, мейли ал саясатка, мейли ал жеке адамдын тагдырына болобу, анын жогортон берилген өзгөчө коду жана цикли бар. Адам тагдыры, ал бешенеден дейбиз, бирок ар кимибиздин бешенебизге Жараткан тарабынан ар кандай тагдыр жазмышы жазылган. Ошол тагдыр жазмышын окууга болобу? Андай илим барбы? Бар. Ал нумерология.
Сандар — тек гана цифра эмес, ал өзгөчө феномен. Эмне үчүн жыл санагы Жараткандын амири менен Пайгамбарлардын туулган күнү менен эсептелип келет. Мында кандай сыр бар? Ал сырдын түпкү мааниси эмнеде? Анын магиясы, түпкү уюлдук түшүнүгү ар бир санга жараткан өзүнүн энергетикасын, дүйнөдөгү кодун берген. Ар бир сан адам тагдыры, ошол сан менен адамдын табышмагын, жан дүйнө сырын чечсе болот. Көп учурда адамдын жеке саны анын тагдырын аныктап, болочогун болжоп, ал сырды катып келет. Туулган жыл, туулган күн, туулган саат, мүнөтүнө дейре кайсы бир так эсеп менен туюнтулат. Ал эң оболу космоэнергетикалык күч менен бекем байланышта болот.
Нумерология илиминин негизги принциби ар бир сандын өз тагдыры, туюнткан мааниси бар, ал кайсы бир адамдын мүнөзүндөгү “оккультизм” сыпаттамасы, ал ошол адамдын тагдырына өзгөчө таасир этет жана роль ойнойт. Ар бир сан өзүнө гана таандык түшүнүктөрдүн спектрин, сапатын жана образын, тагдырын чагылдырат.
Биз бу сапар Президенттик шайлоого катышып жаткан адамдардын нумерологиялык, космоэнергетикалык, экзотерикалык матрицасын иликтеп көрөлү, ал канчалык деңгээлде тагдыр чечерлик күчкө, кубатка ээ. Бул өтө маанилүү жагдай.
Шайлоодогу негизги фаворит саналган Сооронбай Жээнбековдун космопортретине кайрылып көрсөк. Калган 11 талапкердин космофикциясы менен космосинтези жыйынтыктуу позитив маанай жаратпай турат. Бирок, бул версия аларды таптакыр эле сыртка чыгарып салгандык эмес, космоэнергетикалык циклдин сандык дал келүүсү бу сапар аларга тескери түшүүдө.
Сооронбай Жээнбеков 1958 – жылы төрөлгөн, башкача айтканда, анын туулган жылынын өзүндө 1-9-8 ( катыштагы) деген позитивдүү сандар бар, алардын ар бири Нумерологияда сакралдык “жакшы сан” туюнтмасын берет. 1 саны адамдын күчтүү эркин, максатка умтулгандыгын, өзүнчөлүгүн, принципалдуулугун мүнөздөйт. 9 ийгиликтин саны, зор ийгиликтерге алып келе турган сан. Жээнбеков ноябрь айынын 16сында төрөлгөн, 1 саны менен 6 санын эки орундук сандык тизмедеги катышы жана анын кошулушу 7 деген түшүнүктү берет. Кыргыз элинде бул сан жыйынтыгы сакралдык мааниге ээ, ошондой эле адамдын тагдырындагы позитивдүү иштердин жандоочусу, жан тиреги, жан кубаты, бекеринен кыргыздар “Жетинин бири Кыдыр” деп айтып келбеген чыгар.
Жээнбековдун ишмердүүлүгүндөгү жасаган бийик карьералары кайсы сандар менен байланышкан жана аны кайсы сандар ийгиликке жеткирип келген? Бул маселе да анын Президенттик шайлоодогу жыйынтыгына да таасир этет. Анткени, бу сандар анын адамдык ийгилигинин синтези. Сооронбай Жэнбеков 1995-жылы КРнын Жогорку Кеңешине депутатыкка шайланган, бул жерде Жээнбековдун позитив цифрасы – 9 саны, бирөө гана эмес экөө 9-9. 1 жана 5 саны жакшы иштин башталыш өзөгү 1 анын коштоочусу 5 саны. Эмне үчүн мусулмандар бешинчи күндү Ыйык жума дейт жана жума намазды өткөрөт. Анткени, Ыйык хадистерде бешинчи күнү Жараткан Алла пендесинин тилегине жана үмүтүнө кулагын ачат, ал ушул күнү өз пендесинин үнүн угат деп айтылат.
Демек, бул сан 5да Жээнбековдун “жолу ачык саны”. Сооронбай Жээнбеков 2000 – 2005-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынын төрага орунбасары болуп иштеди. Бул аралыкты камтыган 2-5-0 сандары да анын “колдоочу сандары”. Ал кайрадан 2005тен 2007ге чейин депутатыкка шайланган, 2007-жылы КРнын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын министри болгон. Анын тагдырында 7 саны, б.а. өздүк катышта да, эки сан катышында б.а. 2+5те көп позитивдүү ролдорду ойноп келгени бекеринен эмес. Нумерология системасы ар бир инсандын жеке касиети менен терең байланышып, турмуштук же кызматтык жагдайларда өз таасирин тийгизген.
Дагы карап көрсөк Сооронбай Жээнбековдун бюллетендеги сандык катары – 9. Бул сан кайсы учурда, кайсы мезгилде болбосун сакралдык мааниге ээ. 9 деген сан ал бир цикл, бала да тогуз айдан кийин дүйнөгө бекеринен келбейт, бу дүйнөгө жаңы төрөлгөн бала тогуз айдан кийин жаралат. Кыргызда тогуз менен байланышта айтылган ыйык түшүнүктөр көп.
Бекеринен, кыргыздар бул дүйнөдө тогуз ак бар, б.а. тогуз чындык бар деп айтышкан. ( Ошол тогуз актын ичинде, келечекте Президент болуучу адамдарга керектүү эң башкы сапаттар да бар. Чынчылдык, акыйкаттык, тазалык ж.у.с.) tadalafil generic cialis 20 india.
Айтмакчы, кыргыздын эң ыйык жери Чеч-Дөбөгө Сооронбай Жээнбеков барганда асмандан бүркүттөр көрүндү деп маалымат таркаган, 2011-жылы да Ала-Тоо аянтында ондогон бүркүттөр асмандан көрүнгөн, анын жыйынтыгында Атамбаев Президент болуп шайлаган, бүркүт элибиздин түшүнүгүндө колдоочу куш. А, балким, бул нумерологиялык дал келүүлөр да, колдоочү бүркүттөрдүн космоэнергетикалык таасиринен улам дал келип жаткан жокпу деген ой келет…
Ошону менен нумерология илими Сооронбай Жээнбековдун бул жолу да иши оӊунан чыга тургандыгын айтып жатат. Демек анын президент болоорунан эч кандай күмөн санабай эле коелубу?